КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова «Нандын жыты» деп аталган чыгармасына клип тартып, күйөрмандарына тартуулады. Аталган клиптин жана репертуарындагы 38 жалаң хит ырлардан турган ыр жыйнактын бет ачары 13-декабрда борбор калаабыздагы ресторандардын биринде жандуу үн менен коштолгон чай концертте болуп өткөн.
«Бул ырдын сөзүн Муса Жангазиев жазган, ал эми обонун жаратып, клипти тарткан режиссёр Эрнест Абдыжапаров. Бир ай алдын ала камданып, үч күн ичинде тартылып бүттү. Клиптин сюжети, идеясы, тандалган актёрлору, дегеле сапаты өзүмө абдан жакты. Клипке белгилүү актёр Дүйшөн Байдөбөтов, Гүлайым Каниметова, Динара Абдыкадырова тартылышкан. Негизи, буудай бышып, талаалар алтын түскө боёлуп турган кезде тартайын деген оюм бар болчу. Бирок ал кезде шартын келтире албадым, андыктан клипти студияда, боз үйдүн ичинде тартууга туура келди. Клиптин негизги сюжети нан тууралуу. Адам баласынын өмүрү уланып келатканы нанга байланыштуу экени, нандын ыйыктыгы чагылдырылат»,- дейт Гүлнур Сатылганова. Анан да Жаңы жылдан кийин апрель айында өтүүчү чоң концертине камдана баштаарын кошумчалай кетти ырчы.