Үстүбүздөгү айдын 15инде Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде таланттуу ырчы Эльзар Өскөнбаева менен жолдошу Чыңгыздын үлпөт тою болуп өттү. Тойго жаш жубайлардын жакындарынан тышкары Эльзардын чыгармачылыктагы устаты, КРнын Эл артисти Роза Аманова жолдошу менен, ырчы, обончу Асылбек Өзүбеков жубайы менен, сахналаш кесиптештери, «Маржан» тобу ошондой эле «Тамашоунун» тамашакөй жигиттери келип күбө болушту. Той абдан шаңдуу өтүп, жаш жубайларга арналган таттуу тортту аукциондон жаңы куралып жаткан үй-бүлөнүн өкүл атасы менен «Маржан» тобунун кыздары биргелешип 20 миң сомго сатып алышты. Бул күнү Эльзар гүлдестелер менен белектерге да байыды.