«Биз» тобунун солисти Бактияр Токторовдун кубанычы койнуна батпай жүргөн учуру. Биринчиден, аншлаг менен концерт берип, андан түшкөн каражатка ак түстүү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү темир тулпар сатып алса, көп өтпөй «Супер-Инфо» гезитинин «Заманыбыздын супер тобу» наамына татыды. Андан да өткөн сүйүнүчү, 43 жашында уулдуу болгону. «Уулумдун атын Алихан деп атадык. Жеңеңер менин көптөн берки кыялымды орундатып, 4 кыздан кийин уулдуу кылды»,- дейт кубанган ырчы.