ӨКМӨТКӨ КЫШ ДАЙЫМА «КҮТҮҮСҮЗ» КЕЛЕТ
Дүйнө эли «21-декабрда акыр заман болот имиш» деп чочулап жаткан маалда Кыргызстанды андан да оор маселе басып, 20 градустук суукта өлкөнүн борбор шаары Бишкек газсыз, светсиз калды. Ал маселе быйыл эле жарала калган жок. Жыл сайын эле болуп келе жаткан көрүнүш, болгону, өкмөт үчүн эле кыштын суугу же кыштын эрте келиши «күтүүсүз жаңылык» боло берет. Өзбекстан болсо дайыма өзүнүн репертуарында. Суук күчөп, эл үшүй баштаганда Кыргызстанды камсыздап жаткан «кранды» бурап коёт. Анан эле биз ызы-чуу түшүп өкмөттү, бийликти сөгүп жатып калабыз, Жогорку Кеңеш болсо өкмөттү «кызыл килемге» чакыра баштайт. Элге жат болуп бүткөн сценарий. 20 жыл ичинде Кыргызстанды башкарып, бирде Швейцария, бирде Сингапур кылып иймекчи болгон бийликтегилер ушул турган Өзбекстандан көз карандысыздыкты камсыз кыла алышпады.
АЙЫПТУУНУ ИЗДЕМЕЙ БАШТАЛДЫ
19-декабрдагы ЖКнын жыйынында өкмөткө өлкөдө жаралган газ каатчылыгы үчүн «Кыргызгаздын» жетекчилигин отставкага кетирүү, анын жоопкерчилигин карап чыгуу талабы коюлду. Өлкөдө мындай кырдаал жаралып жатканда аталган ишкананын жетекчисинин Москвада өтүп жаткан
ЖККУнун жыйынында жүрүп алганы айласыздан күлкүнү келтирди.
Жогорку Кеңештин депутаттарына, айрыкча оппозициялык блоктогуларга табылбай эле калды. Алар өкмөттү каалашынча айыпташууда. Ошолордун бири дагы «бул учурдагы өкмөттүн эле күнөөсү эмес, чынында, бул биздин да күнөөбүз» дегенге жарабады. Алалы, «Республика» фракциясы. Учурда үшүп-тоңуп турган эл өкмөткө канчалык жинденип жатса, «Республика» партиясына да ошончолук капа. Анткени 2010-жылы жаңыдан түзүлгөн бул партия дал ушул «электр энергиясы элдики, аны элге өз баасында сатыш керек, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга өлкөнүн мүмкүнчүлүгү жетет» деген лозунгдары менен элдин добушун алып, парламентке келишкен. Дал ушул партиядан барган өкүл Энергетика министрлигин жетектеп турганда «уулуу көмүр» чуусу чыгып, Кыргызстан менен Казакстандын энергетика тармагындагы иштешүүсүнө көлөкө түшүрдү. Анын кесепети кийинки жылы Кыргызстанды, Бишкекти отун менен камсыз кылуу үчүн уюшулуп жаткан тендерлерде көрүнүп жатты. Тендерге катышкандар аз болду, үзгүлтүккө учурады, анын айынан кышка даярдык кечикти.
Кыргызстандагы энергетика каатчылыгы азыр ЖКнын трибунасында кыйкырып жаткан ошол эле Ахматбек Келдибековдун дагы маселеси. Ал спикер болуп турганда эмнеге элдин абалын ойлонуп, бир альтернатива табууну аткаруучу бийликтен талап кылбаган?
Бул быйыл жарала калган маселе эмес, 20 жылдан бери келе жаткан маселе. Териштире келсек, азыр бийликте отургандардын да, оппозицияда кыйкырып жаткандардын да тиешеси, күнөөсү бар. Учурда Жогорку Кеңеште отургандардын көпчүлүгү мамлекеттик кызматтарда иштегендер, энергетика секторун жок дегенде эл өкүлү катары көзөмөлгө алгандар. Кимиси алгылыктуу альтернативаны сунуштады, ушул 20 жыл ичинде?
КӨРСӨ, ЭЛ КҮНӨӨЛҮҮ ТУРА...
Ушундай каатчылыктын фонунда Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райимбек Мамыровдун элге үйрөткөн акылы «абдан пайдалуу» болду. «Кышка даярдыкты жайында көрүш керек. Жер тамдарда жашагандардын үйдү жылытууга электр энергиясы менен газдан башка да булактары болушу керек. Кызыл-Аскердеги абал (Бишкектин бир бөлүгү кышкы ызгаар суукта светсиз жана газсыз калды) ошол даярдыгы жоктуктун кесепети. Эл кышка кам көрүшү керек. Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануусу зарыл» дейт. Бул чиновник мырза электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу үчүн элди көмүр менен кантип камсыз кылуу керектигин айтпады. Көмүрдүн баасын каалаганча көтөрүп жаткан кызыл кулактарды кантип көзөмөлдөп, реалдуу баага түшүрүү керегин да сунуштабады.
Азыркы өкмөттүн буга чейинкилерден болгон айырмасы, мурдагылардын айыбын айтып айгайлабады, күнөөнүн баарын өткөнкүлөргө жаба салып, ак көрүнүүгө аракет кылбады. Болгон айырмасы ошол болду.
Жагымсызы, Кыргызстандын саясатчылары энергетикалык каатчылыкты чечүүчү чарбалык маселе эмес, митингдерди жаратуучу саясий курал катары колдонууну жакшы өздөштүрүп алышты.
Эл өкүлү Дастан Бекешев туура айтат. «Парламент депутаттары бир нече күн суукта светсиз жана газсыз отурган элдин каарын түшүнө алышпайт. Эгер эл сыяктуу суукту жана ачкачылыкты баштан кечиришсе, бул каатчылык үчүн жооптуу кызматкерлердин моюнун алда качан бурап салышмак» дейт ал.