АТАМБАЕВДИН ИШКАНАСЫНА УУРУ КИРДИ...

  •  2012-жылдын 13-декабрына чейин өлкөдө мамлекеттик чек араны бузган 334 адам кармалды.
  • «Өлкөдөгү жумушсуз жарандарга жылына 7 миллион сом бөлүнөт. Ишсиз жүргөнү тууралуу расмий кайрылган ар бир адам айына 250 сом жөлөкпул ала алат»,- деди Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри АЛИЯСБЕК АЛЫМКУЛОВ.
  • «Ар-намыс» фракциясы жыйынга себепсиз 15 мүнөттөн ашык кечигип келген же катышпаган депутаттарына 1000 СОМДОН АЙЫП сала баштайт.
  • Баткен району боюнча ата-энеси мигрант катары чет өлкөдө жүргөн 5996 ӨСПҮРҮМ катталган.
  • Бишкекте жер алууга кезекте турган 10 МИҢДЕЙ АДАМДЫН шаардын башка жерлеринде жер үлүштөрү бар болгондуктан тизмеден чыгарылганын Бишкек шаарынын вице-мэри Төрөбек Имашов билдирди.
  • Депутаттык комиссия САДЫР ЖАПАРОВДУН кол тийбестигин алуу тууралуу Башкы прокуратуранын сунушун колдогон жок.
  • Өлкөдө 2012-жылдын башынан бери СПИДдин айынан 119 АДАМ каза болсо, бруцеллёз менен ооругандардын саны эки эсеге төмөндөгөн.
  • Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алгандан бери 1 МИЛЛИОНДОЙ жаран мекенинен чет өлкөлөргө чыгып кеткен.
  • Учурда чет өлкөнүн түрмөлөрүндө 2112 МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗ жаза мөөнөтүн өтөп жатканын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
  • КСДПнын штабы жайгашкан «Медиа-Форум» имаратына 15-декабрь күнү уурулар кирип, кароолчуну сабап, кеңседен 200 миң сом уурдап чыгып кетишкенин ИИМ билдирди. Аталган имарат президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВГЕ таандык экендиги белгилүү.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Kurbanalieva1991
2012-12-24 19:29:06
Миграция маселеси актуалдуу го коп жактан карап коргондо.
0
Kantemir
2012-12-25 10:13:02
Тоноп кетсе журоктуу бандиттерго.
+1
altinim
2012-12-25 13:25:32
оо накта баатырлар экен чала
0
nur.nur
2012-12-25 19:57:41
городской охотник келгенго
0
Adis_Kabaev
2012-12-25 21:54:51
Ошол жерде эле иштегендердин сценарийи го бул кылмыш,акчаларын нары бери кылып болуп алып туруп ага жооп даярдап коюшту окшойт да!!!
0
Chyngyz_0489
2012-12-26 13:17:57
атамбаевке таандык болсо жанындагылар эле алдыда кочодон атайын 200000мин сому бар экенин кантип билсин озуно озун сак бол кошунанды ууру тутпа
+1
Shekerbek
2012-12-28 11:10:47
агари уурулар эркек экен го
0
aika90-88
2012-12-29 13:10:16
оо чыныгы баатыр екен
0
aika90-88
2012-12-29 13:16:00
озунун жанындагылар еле билет да не анда уурулар чет олкодон келеби екен?
0
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан