17-декабрда маалымат жыйын өткөргөн учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун кайра бул кызматка баруу ниетин билдирди. Анын айтымында, аткарыла элек дагы көптөгөн иштери бар, ошолорду аягына чыгаруусу керек. «Акыйкатчы өз ишин жан дили менен аткарышы зарыл. Ар бир адамды жакын тууганындай кабыл алып, ага кошулуп жапа тартуусу абзел. Акыйкатчылык бөтөнчө кызмат, ар бири эле акыйкатчы боло албайт»,- деди Турсунбек Акун.
Учурда акыйкатчылыкка талапкер катары мурунку Адилет министри Марат Кайыпов, БШКнын экс-башчысы Акылбек Сариев жана башка коомдук ишмерлер даярданышууда.