ОРУСИЯ АСКЕРДИК БАЗА ҮЧҮН САЛЫК ТӨЛӨБӨЙ ТУРГАН БОЛДУ

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы Орусиянын аскердик базасынын макамы жана шарты тууралуу мыйзамга, ошондой эле эки өлкөнүн аскердик кызматташуусу жөнүндөгү протоколго кол койду. Аталган мыйзам 13-декабрда ЖКнын депутаттары тарабынан 3-окууда кабыл алынган. Орусиянын базасы ЖККУнун куралдуу күчүнүн бөлүгү болгондуктан, база бардык салык төлөмдөрүнөн жана жердин ижара салыгынан кутулду. Бирок келишимге ылайык, база 2017-жылдын 29-январынан баштап жылына 4 502 495 доллар өлчөмүндө салык төлөй баштайт. Мыйзам кол коюлган күндөн тарта ишке киргизилет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
nokiabek
2012-12-24 10:17:35
tuura emes kyldy kaaaap, VVP tomondoit emi, anan kaira budget deficit bolup akcha karyzga alat owol ele rossiadan(((((
0
meerimka86
2012-12-24 10:53:37
Аа эмнеге эле Россия кайтарымсыз акча бере баштады десе
0
nurik102
2012-12-24 15:46:06
Сат,сат,саат колтугундун жунун сат,гойногундун женин сат,элдин жерин бекер сааат!
0
Kurbanalieva1991
2012-12-24 19:31:38
Шумдук десе!!!
0
Rostov-on-Don
2012-12-26 18:27:25
Атамбаев деле жондон-жон бекер бербесе керек!
0
shkiper
2012-12-28 19:14:22
орустар менен достукту бекемдей бериш керек,кокусунан кытай кол салып калса техникаларыбызды ондоп баргычак тегиздеп отуп кетпесин анан.
0
tachkomur
2012-12-28 19:57:53
Кенешип койсо болмок да.
0
BEKA-KAGAN
2012-12-29 09:15:50
Тууура айтат Атамбай себеби бул орус туугандар жардам кылбасак коруп атасынар Узбектер не даволин болупатат анан калса биздин армия слабый ачыгын айтсам ошол орустан жардам сурайбызда шректин мышыгындай болуп.
кана биздин мамлекет онуккон олколорго окшоп оскон болсо ошондо биз жардам сурабайт элек. Атамбай бирок туура чечим чыгарган. мен 4 колдоп колдойм.
0
МАЛЫШ
2013-02-16 02:47:44
Орусиядан канча деген жардам алып, канча карызыбызды жоюп беришти алар, алар салык тологон кундо да ал акчалардын бюджетке КОПЕЙКАлары эле тушмок калганы кайрале чондорго кетет, андан коро ушул туура болду, муну деле жон кылган жок ажобуз и так ле лимондордон салды да чонтогуно...менин оюмду калп десенер билбейм анда
0
МАЛЫШ
2013-02-16 02:51:37
Менин оюмча Кыргызстаныбыз Орусиянын поддержкасы и защитасы менен ле журот а так Кытай эли сол колу менен ле бир кундо басып алалат, даже Озбекстандан алсызбыз туугандар...биздин чондор только оздорун ле ойлойт
0
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан