15-декабрь күнү Ала-Арча дарыясынын Бишкектин Рыскулов көчөсүндөгү көпүрөсүндө муз тоңуп калып, анын кесепетинен суу нугунан ашып, 7 үйдү каптаган. Жабыр тарткан үй тургундары карылар үйүнө жеткирилгенин 18-декабрда шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Ала-Арча дарыясынын боюнда жашаган жергиликтүү жашоочулар, милиция жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери биргеликте суунун жээгине дамба коюшту. Мэриядан белгилешкендей, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыясы күнү-түнү көзөмөлгө алынып турмакчы.
«Үйлөрдүн суу алдында калып кетүүсүнө жашоочулар өздөрү күнөөлүү»,- деди Биринчи Май районунун акими Аскарбек Алиев. Анын айтымында, үй ээлери эч кандай коопсуздукту сактабай эле суунун жээгине өз билемдик менен үй салып алышкан.