19-декабрда УМККнын абагында жаткан Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин экс-башчысы Учкунбек Ташбаев диссертациялык ишин улантуу үчүн ноутбук сурады. Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалымдады.
6-декабрь күнү У.Ташбаевдин абалы менен таанышуу үчүн акыйкатчы Турсунбек Акун абакка кирип чыккан. Акыйкатчынын мындай билдирүүсүнө карата УМККнын басма сөз кызматы: «Мыйзамга ылайык, абакта кармалып жаткан адамдар мобилдик телефон жана компьютер өңдүү техникалык каражаттарын колдонууга болбойт»,- деп жооп кылды.
Эскерте кетсек, Учкунбек Ташбаев 2012-жылдын 29-ноябрында мыйзамсыз лицензия бергени үчүн айыпталып, 2 айга Биринчи Май райондук соту тарабынан камалган.