18-декабрда Жалал-Абаддын шаардык кеңешинде «Ата Журт» менен КСДП коалиция курууну көздөп жатканын КСДПнын борбордук штабынан маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, эки тарап 19-декабрь күнү коалиция түзүү бүтүмүнө келишти.
Эске салсак, 2012-жылдын 20-ноябрындагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин шайлоосунда «Өнүгүү Кыргызстан», КСДП менен «Ата Журт» партиялары жеңип чыгышкан.