Кыргыз музыкасына эбегейсиз салым кошуп, ырдын пири аталган обончу жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун жакында туулган күнү белгиленет. Рыспай Абдыкадыров арабызда болгондо келе жаткан жылдын январь айында 72 жашка чыкмак. Анын кайталангыс таланты, өмүр таржымалы, муздак, таш үйдө өткөргөн жашоосу туурасында кызы Сюита Абдыкадырова менен маек курдук.
– Сюита эже, сөзүбүздү атаңыз менен биргеликте өткөргөн күндөрүңүздөн баштасак...
– Атам менен өткөргөн ар бир күндү эстегенде жүрөгүм жылыйт. Себеби азыр ойлосом, ар бир күнүбүз бактылуу өткөн экен. Атамдын эркеси, көкүрөк күчүгү болуп чоңойдум. Ошол күндөрдүн баркын атамдын көзү өткөндөн кийин сезип отурам.
– Атаңыздан кандай белектерди алчусуз?
– Көбүнчө китеп. «Куурчак алып бер» деп ыйласам, жетелеп барып китеп дүкөнгө киргизип койсо, 3 тыйындык кичинекей китепти алып кудуңдап сүйүнүп калчу экенмин. Куурчакка караганда китеп бир топ арзан турат экен да, көрсө.
– Рыспай аганы мүнөзү катаал киши болчу деп айтышат...
– Атам бетке чабар, ачуусу чукул, жактырбаган адамга ачылып сүйлөбөгөн адам болчу. Чоңдорго баш ийбей, көп тоскоолдукка учураган экен.
– «Рыспай Абдыкадыров бир мамлекеттик кызматкердин бут тосуусунан улам 20 жылдай ырдабай калган» деген кептер чынбы?
– Андайлар көп эле болгон. Атамды концерттерге катыштырбай, тизмеден сыздырып салган ишмерлердин болгону ырас. Аттарын атабай эле коёюн, азыр бир-экөөсүнүн көзү тирүү, аман болушсун. Бир чоң болгон экен, Лениндин туулган күнү болсо керек, атам сахнага чыкканы турса «сенин сүйүүдөн башка ырларың жокпу? Партия, Ленин жөнүндө ырда» дептир. Атам «сүйүүнү ырдап келгем, ырдап жүрөм, дагы ырдай берем» деп аккордеонун жыйнап алып чыгып кеткен экен. «Рыспай ичет, анан да урушчаак» деп «Эмгек сиңирген артист» наамына көрсөтүлгөндөрдүн тизмесинен сызып койгон учурлар көп эле болгон дешет. Бирок таптакыр куугунтуктап, ырдатпай койгон учур болгон эмес.
– Рыспай агайдын чыгармачылыгына салым кошуп келген апаңыз Давлет эже экенин жакшы билебиз. Бул жаатта эмне дейсиз?
– Апам атама жар эле болбостон, дос да, чыгармачылыгындагы кеңешчи, сынчысы да болгон. Мен экөөнү «Дон Кихот» романынын каармандары Дон Кихот менен Санчо Пансага салыштырып ошентип атачумун. Ошол эки каармандай болуп ээрчишип жүрүшөр эле.
Атам эрте өлөрүн сезип жүргөнбү, айтор, «Далиш, мен сага 100 пайыз ишенем. Сага ыраазымын» деп көп айтып, күндөлүгүнө да жазганы бар. Атамдын апама айткан дагы бир мындай сөзү бар: «Кемпир, биринчи мен өлөйүн. Сени 10 жылга чейин күтөм, ошого чейин жаныма барбасаң, өзүм келип алып кетем. Ушуну билип кой»,- деген. Айтканындай эле 10 жылдан кийин апам атамдын артынан кете берди. Экөө тең 53 жашында көз жумушту.
– Экөөнүн ортолорундагы сүйүү абдан ысык болгону эл арасында көп айтылат...
– Ооба, апам атама турмушка чыгарын айтса, таенемдер «эки аялы бар чалга тием десең, үйгө ошол бойдон келбегин, кызым экениңден кечтим» деп урушуп, ыйлашкан экен. Апам ага да карабай атама келе бериптир. Экөө үйлөнгөндө аксакалдар «Рыспай, болду эми, үчүнчүсүн алып жибердиң» дешсе, атам «болду, болду, ушул акыркысы» деп койчу экен. Муну апам күлүп айтып калчу.
Экөө жаңы үйлөнүшкөндө төшөктөрү жок, астыларына бир күрмөнү салып, үстүлөрүнө пальтолорун жамынып укташчу экен. Бир топ убакыттан кийин таенем апамдан кабар алайын деп келсе, апам кош бойлуу экен, эч нерсеси жок бир бөлмөдө отурушуптур. Атам таенеме ырдап берип көңүлүн алып узаткан экен. Көп өтпөй апам төшөнчүлөрүн алып келип бериптир.
– Экөөнүн урушуп, таарынышып калган учурлары болгонбу?
– Болгон, экөө урушканда бир чети күлкүлүү да болчу. 1986-жылы атам менен апам катуу урушуп кетти. Апам экөөбүз кетмей болдук. Апам шейшепти бөлмөнүн ортосуна жайды да, кийимдерибизди жыйнай баштады. Атам бир маалда ич кийимчен болуп апам даярдап жаткан түйүнчөктүн ортосуна чөгөлөп отуруп алыптыр. «Далиш, мени кошо түйүп кой, унутуп калба!» деп жатпайбы. Ошол жерден баарыбыз күлүп, атам менен апам жарашып алышкан.
– Атаңыз сизди кантип эркелетчү?
– Кумайык, көкүрөк күчүк, Сю, Чүкүтай деп эркелетчү. Атымды да өзү койгон. Классикада «Бахтын сюиталары», «Гендалдын сюиталары» деген музыкалык терминдер бар. Атама жаккан го, мен төрөлө электе эле «кыздуу болсом, атын Сюита коём» деп жүрчү экен. Негизи, атам уул күткөн. Бирок, тилекке каршы, мен төрөлүптүрмүн. Уулдуу болбой калганына өмүр бою өксүп жүрдү.
– Аталаш эжелериңиз менен кандай мамиледесиз?
– Абдан жакшы мамиледебиз. Жакында эле тойго чакырышты эле, ден соолугума байланыштуу бара албай калдым.
– Өзүңүздүн үй-бүлөңүз туурасында да кеп козгосок...
– Жолдошум экөөбүздүн Аян, Салима аттуу кыздарыбыз бар. Экөө тең студент. Аяндын атын таятасы койгон. Төрөт үйүндө жатсам, сыртта отуруп бир топ атты жазып, эки-үчөөнүн астын сызып кагаз берип жибериптир. Анан мен Аянды тандап алгам.
– Атактуу адамды дайыма сөз ээрчийт. Рыспай ага каза болгондон кийин андай кептер бат эле токтодубу?
– Атам каза болгондон кийин бир гезит «Рыспай өлбөгөндө дагы аял алмак экен. Давлет менен жашабай калган, жаш кызды сүйүптүр, андан уулдуу болмок экен» деген сыяктуу кептерди жазып чыккан. Негизи, бир кыз атама кат жаза берип күйгүзгөн. Атам аял кишиге орой мамиле кылчу эмес, ошол кызды сөгүп, жаман кеп менен урушуп жатып араң кутулган.
– Атанын кызы деген атты бийик тутуп жүрө бериңиз. Маегиңизге рахмат.
Уулбү Каныбекова
Бекмамат Айдаркулов
star@super.kg
(Айрым сүрөттөр
Сюита Абдыкадырованын өздүк архивинен алынды)