Кенже Дүйшееваны биз тартипти бек кармаган, эркек мүнөз айым катары тааныйбыз. Кандай гана кыйынчылык башына түшпөсүн мүдүрүлбөй, жадакалса «Жебе» аттуу балдардан түзүлгөн топ түзүп, ийгиликтүү иштеп келет. Кенже айым бизге жашоодогу оош-кыйыштар жана үй-бүлөсү тууралуу сыр бөлүштү.
«АПАМ БЕТКЕ АЙТКАНЫҢДЫ КОЙ ДЕП КӨП АЙТЧУ»
– Апам мени «төрөлгөн күндөн баштап өзгөчө болдуң» деп айтчу. Эң биринчи өзгөчөлүгүм, айына жетпей, 7 айлык болуп ара төрөлгөнүмдө. Мага чейин үч эжем удаа төрөлгөндүктөн, баары эле «жети балаңды жакшылап багып албайсыңбы?» деп каршы чыгышыптыр. Апам да элдин сөзүн угуп, көпкө чейин «алдырып эле салсамбы?» деп эки анжы ойдо жүргөн экен. Бир тууган агам жарыкка келгенимде жактырбай, «кызды жаман көрөм» деп мени жериптир. Ошого күлүп калам, мен «не желанный» бала болуптурмун да деп.
Таятам аскер адамы болгон экен. «Бетке ачык айтып, адилеттүүлүктү жактаган киши эле» дешет. Ошол сапаты айрымдарга жакпай калганбы, 35 жашында ууландырып өлтүрүп коюшкан экен. 7 жашында атасынан айрылып калган апам мен үчүн да корко берчү. Анткени менин өжөрлүк, бетке айткан сапатым таятамдан калыптыр. Апам өлөргө жакын мени чакырып, «мен сени эч нерсени туура эмес кылдың деп айтпайм. Болгону бир нерсени суранам, бетке сүйлөгөнүңдү токтотуп эле койчу, балам. Жашоо чындыкты сүйбөйт» деп айтты эле.
«ӨТКӨН КҮНДӨРДҮ ЭСТЕГИМ КЕЛБЕЙТ»
– Чыгармачылык майданында жүргөн жылдары көп жакшы-жаман нерселерге тушуктум. Капа болгон, көңүл чөккөн, чарчаган, кубанган күндөр өттү. Мен тууралуу көп сөздөр гезит беттерине чыгып жатты. Азыр ал күндөргө кайрылып, эстегим келбейт. Андай жагымсыз, көңүл кирдеткен кеп-сөздөрдү эски тема катары өзүм үчүн жаап салдым. Эгер чыгармачылыкта баскан жолуң түз, эмгегиң ак болсо, Кудай баарын өз жолуна коёт. Ошондуктан Жараткан мени эч нерседен кем кылган жок.
Турмушка чыгып, Алматыда бир жылча ырдабай отуруп калганда аябай буулуктум. Жолдошум да «ырдайсың» деп бир ооз айткан эмес. Ошондуктан «эми ырчылыкты жыйыштырып, жаңы жашоо баштайт экем да» деп ойлодум. А бирок акыры минтип кайра шоу-бизнеске аралашып калдым. Чыгармачылыкка өтө этият мамиле кылуу керек. Антпесең, бат эле элден четтеп, түртүлүп калышың же болбосо такыр эле жок болуп кетишиң мүмкүн. Биз жакшыны жакшы дегенди үйрөнө билишибиз зарыл. Бар нерсени бардай, түз айтуу жактан бир аз аксап тургандайбыз. Же биздин ичибиз тарбы, көрө албайбызбы же дүйнө тарып кеттиби?..
«ТУРМУШКА ЧЫККАНДАН КИЙИН КАДИМКИДЕЙ ӨЗГӨРДҮМ»
– Адам өзүн сүйүп, өзүнө убакыт бөлө билиш керек экен. Мен жаштык кезде түйшүктүн үстүндө эле жүрө берип, өзүмдү унутуп калган экенмин. Турмушка чыккандан кийин өзүм, үй-бүлөм үчүн жашап, кадимкидей өзгөрдүм, мурункудай агрессия жоголду. Эне болгондо башкача бир сезимдер жан дүйнөмдү ээлеп, мурунку Кенже такыр өзгөрдү. Мурун ар бир иш өз убагында аткарылбаса, ачууланып кетчүмүн. Азыр андай сапатым калды көрүнөт. Анан да позитивдүү адаммын. Бүгүн эки саат кайгырсам, үчүнчү саатта кайра баарын унутуп калам. Маанайымды көтөргөн биринчи өжөрлүгүм болсо, экинчиси анча-мынчалар зар болуп жүргөн нерсе – кызым, жолдошум бар – ошол менин бактым. Эгер жолдошум «андай эмес, мындай» дей берсе, жүдөп кетет болушум керек эле.
Мен оңойлук менен бир нерсеге баш ийбеген адаммын, аны жакшы билем. Бул жаатта жолдошум акылдуулук кылып коёт. Ага башында сөз бергем, «үйгө да, чыгармачылыкка да жетишем» деп. Азыркыга чейин сөзүмдү бек сактап, баарына үлгүрүп келем.
Кызыбыз Томиристи атасы тамашалап күлүп калат, «мамасынан го» деп. Анткени анын да мага окшогон өзүнүкүн бербеген өжөрлүгү бар. Мен пол жуусам, чуркап келип колуна илинген нерсени алып пол жууйт, китеп-журналдарды эле чогулта берет. Кайненем экөө отуруп алып кыңылдап ырдап калышат.
«КЫЗЫМ МЕНИ КУЧАКТАП ТОСУП АЛАТ»
– Балалык кезди көп сагынам. Үйгө келсең тамагың даяр, эркелеткен ата-энең, бир туугандарың жаныңда. Окуучу кезимде мектептен келип эле апамды катуу кучактап калчумун. Азыр кызым мени ошентип тосуп алат. Мындан өткөн бакыт жок.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)