«ПЕНСИЯБЫЗ ТУУРА ЭСЕПТЕЛГЕНБИ?»
– Жолдошум каза болуп калган. Учурда жалгыз 3 баланы тарбиялоодомун. Өзүм эч жерде иштебейм. Балдарыма пенсия чектетүү үчүн жергиликтүү социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылганымда «жолдошуңуздун акыркы 5 жыл аралыгында тапкан кирешесинин жыйынтыгын алып келиңиз» дешкен. Аны эсептешип, балдарыма пенсия дайындашкан. Учурда 3 балама айына 2490 сом өлчөмүндө пенсия алып жатам. Тааныштарым «аз чыгыптыр» деп жатышат. Туура эле эсептелгенби?
Элмира Садайбекова, Кочкор району
– Биринчиден, жолдошуңуздун пенсияга укугу (эмгек стажы) жок болсо, балдарыңызга баккан адамынан ажырагандыгы боюнча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул социалдык өнүгүү башкармалыгынан чектелет. Эгерде пенсияга укугу бар болсо, Социалдык фонд тарабынан ай сайын пенсия төлөнөт.
Ал эми балдарыңызга пенсиянын өлчөмү туура эсептелгендиги боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кайрылууңузду министрлик сунуштайт.
«7 ЖАШКА ЧЕЙИНКИЛЕРДИН ПЕНСИЯСЫ КӨТӨРҮЛӨБҮ?»
– Уулум 7 жашта. 2-топтогу майып. Анын пенсиясын РСК же «Дос Кредобанкка» котортсом болобу? Анткени почтадан самын cыяктуу нерселерди кошуп беришет. Анысынын баасы болсо дүкөндүкүнөн кымбат. Негизи, 7 жашка чейинкилердин пенсиясы качан көтөрүлөт? Жергиликтүү социалдык коргоо кызматына кайрылып, «7 жашка чейинкилердин пенсиясына кошулбайт» деп жооп алдым. Ушул туурабы?
Дарика Ажыгулова, Талас облусу
– Мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 2011-жылы июль айында көтөрүлүп, 3000 сомду түзгөн. 2012-жылдын 1-декабрынан тарта бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелген, 18 жаштан жогорку жарандардын социалдык жөлөкпулунун өлчөмү 1000 сомго жогорулагандыгын кошумчалап кетмекчибиз.
Ал эми чектелген жөлөкпулду банк мекемеси аркылуу алуу үчүн жашап жаткан жериңиздеги социалдык өнүгүү башкармалыгына арыз менен кайрылууңуз зарыл.
«ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭНЕЛЕРГЕ ЖӨЛӨКПУЛ ЧЕКТЕЛЕБИ?»
– Сиңдим жалгыз бой эне. Кызы биздин фамилияда. Алар апам менен чогуу турушат. Жөлөкпул чыгартуу үчүн айыл өкмөтүнө кайрылсак, «документтерди чогултуп келгиле» деген. Аларын чогултуп барсак «апасы менен чогуу турат турбайбы. Өзүнчө жашаса карамакпыз» дешти. Эмне, ата-энеси менен жашаган жалгыз бой энелерге жөлөкпул чектелбейби?
Чолпон Кожобекова, Токмок шаары
– Учурда колдонулуп жаткан мыйзамга ылайык, жалгыз бой энелердин балдарына аз камсыз үй-бүлө болгон учурда гана ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн ашпаган учурда дайындалат. Кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү азыркы күндө 580 сом. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо негизги иши, кызматы, окуусу боюнча (стипендия), экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алынган кирешелер жана Социалдык фонд аркылуу төлөнүп келген пенсиялар кирет. Ошондой эле чогуу жашаган ата-энесинин кирешелери да (пенсия) эсепке алынат.
Суроолорго Социалдык камсыздоо департаментинин социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Назгүл Чолумова жооп берди.