ТАЧКИСТ & ТАКСИСТ ЖЫРГАЛЫ ЖАНА КУУРАЛЫ

«Ар бир кесип ардактуу» деген элибизде жакшы сөз бар. Анын сыңары бүгүн биз сиздерге Жаңы жылды утурлай олжолуу боло турган айрым кесип ээлери тууралуу баяндап бермекчибиз. Алар – тачкист жана таксист. Бул эки кесип ээлеринин Жаңы жыл алдындагы миссиясы окшош. Ал миссия – көптөгөн кардарларды жетишип тейлөө...

ТУРМУШ – АРАБА
Базарда алгач кардар тачкисттин арабасына жүктөрүн жүктөйт. Тачкист жүктү сүйрөп таксиге жеткирет. Таксист болсо кардарды үйүнө алып барат. Мына ушундай көрүнүш Жаңы жыл жакындаган сайын кызуусуна кирет. Бул убакта тачкисттин да, таксисттин да иши жакшы жүрүп, чарчап-чаалыкканына карабай Жаңы жылга жакшы маанай менен кирип барат.
Биз алгач түйшүктүү кесип ээлерин издеп, борбор калаабыздагы «Ош базарын» көздөй бет алдык. Максатыбыз – тачкисттердин жумушунун күнгөй-тескейин өз оозунан угуу. Эл көп. Соода кызуусунда. «Качкыла, май болосуңар!» деп кыйкырган тачкисттер көп. Бирок маектешүүдөн көбү баш тартып жатышты.

Аңгыча тачкасын Жаңы жылга карата жасалгалап алган ТААЛАЙБЕК ӨМҮРАЛИЕВ алдыбыздан чыгып, өз кесиби тууралуу айтып берди:
-Өзүм Жалал-Абаддын Тогуз-Торосунан болом. Жашым 33тө. Үй-бүлөлүүмүн. 2002-жылдан бери тачкист болуп иштейм. Башында уялчумун, азыр көнүп калдым. Тачка өзүмдүкү, 10 миң сомго сатып алгам. Кечкисин 20 сом төлөп жүк сактоочу жайга коём. Эртең менен 10дордо жумушка чыгам. Кардарлардан салган жүгүнүн көлөмүнө жараша 20-50 сомдон, базарды айланганга 100-200 сомго чейин акы алам. Күнүнө 250-500 сомго чейин иштейм. «Берекет» жактын өздөрүнүн тачкисттери бар. Ал жакка кээде барып калам.
Кардардын жүгүн тачкага жүктөп, кайра түшүрүү – биздин жумуш. «Ош базарында» болжол менен 400гө жакын тачкист иштейт. Кудай кааласа, 31-декабрь күнү да күндүз иштеп, кечинде үй-бүлөм менен чогуу Жаңы жыл тосом.

«ИШТЕЙ БЕР, БИРОК БАЗАРДАГЫ СТАВКАНЫ БУЗБА!»
Андан соң тачкасын «бул менин Тойота-тачкам» деп тамашалаган, көп жылдык тажрыйбасы бар Мурат байкени кепке тарттык:

-Аты-жөнүм – Мурат Дүйшөналиев. 1972-жылы Ысык-Ата районунун Жетиген айылында туулгам. 1 уул, 1 кыздын атасымын. Үй-бүлөм менен 2500 сом төлөп батирде жашайм. 20 жылдан ашуун тачка түртүп «Ош базарда» иштейм. Базарда «сандень» болгондо эле эс алам. Мени бул жакта иштегендердин көбү таанышат. Айрым соодагерлер телефон номеримди билишет. Жүктөрү болгондо чалып койсо бара калам.
Жаңы жылдын алдында жумуш жакшы, буюрса. Кечке чейин күнүнө 1000-1500 сомго чейин таап жатам. Болбой калганда 700-800 сом табам. Күнүнө 15-20 кардарды тейлейм. Тачкам менчик. «Техникалык кароодон, нотариустан» өткөрүп койгом. 400-500 килограммга чейин жүк көтөрөт. Түрткөндө кыйналбайм, анын үстүнө көнүп деле калдым. Бул жакта кээ бирөөлөр тачканы сатып алышат, кээси ижарага алып иштешет. Ижарага алгандар күнүнө 50 сомдон төлөшөт. Ал эми сатып алгысы келсе, тачканын жакшыларынын баасы 15 миң сом, орточосу 8 миң сомдун тегерегинде.
Кардарларым 15-20 мүнөткө чейин базарды кыдырса, 200-250 сомго чейин алам. Эгер оор жүк жүктөп таксиге чейин жеткирсем, 100-150 сом төлөшөт. Кээ бир адамдар сүйлөшүлгөн акчаны толук бербей, жарымын эле берип койгон учурлар болот. Алар менен айтыша кетесиң. Анан кийинкиде ал адам келсе, жүгүн жүктөбөй коём. Жумушка эртең менен саат 7лерде чыгып, кечки 8-9дарга чейин иштейм. Жайында саат 5те жумушка чыгам. Өзүмдүн кардарларым бар. Бул жакта тачкисттер бири-биринин кардарларынын жүктөрүн ташыбайт. Башка базарлардан жаңы келип иштеп баштаган тачкисттерге «иштей бер, бирок базардагы ставканы бузба!» деп коёбуз. Ставканы бузчу болсо, тачка-пачкасы менен кууп жиберебиз.

«МАСТАР САЛОНГО КУСУП ТАШТАШАТ»
Тачкисттер менен маегибиз бүткөн соң кезек таксисттерге жетти. Алар да тачкисттер сыяктуу эле ар дайым кардарларды сураган жерине чейин жеткирүүгө, аларга сылык мамиле жасоого даяр. Анын үстүнө Жаңы жылга утурлай жумуштары күч алууда. Өзүнүн кесиби тууралуу МУНАРБЕК АБДЫМАНБЕТОВ төмөнкүлөргө токтолду:

-Такси айдаганыма 1 жарым жылдай болуп калды. Кышкысын гана иштейм. Жайкысын башка жумуштар менен алектенем. Такси менен майга, тамак-ашка акча чыгарса болот. Жаңы жылдын алдында жумуш жакшы боло баштады. Күнүнө 500 сомдон, кээде 3000 сомго чейин таап жатам. Жаңы жылга чейин жакшылап иштеп алыш керек.
Түнкүсүн маршруткалар токтогондон кийин бизде жумуш жакшы болот. Албетте, жумушубуздун кыйынчылыгы да бар. Кээ бир жерге акчасын аз айтып барып аласың, кээде дөңгөлөк жарылып, машинаң бузулуп калат. Андайда кардарларың нааразы болот. Көбүнчө мас кыздар «мени бекер жеткирип коёсузбу?» деп тийишип калышат. Эгер бош болсом, бекер жеткирип коём :)
Кээде коркунучтуу учурлар да болот. Бир жолу «Манас» аэропорту жактан келе жатсам бир жигит тосту, аны салып алдым. Андан соң дагы бирөө, кийин дагы бирөө жол тосконунан үчөөнү тең салып алып келе жатсам, мага бычак такашты. Анан жолдо МАИ кызматкери туруптур. Мени тоссун деп атайын катуу айдадым. Бактыга жараша МАИчи менин автоунаамды тосту эле, тигилер түшүп, качып кетишти. Мас болуп түшүп алган кардарлар кээде салонго кусуп да ташташат. Биздин кесиптин жакшы жагы да, жаман жагы да бар.

ЭРКЕКТЕН АЙЫМ КЕМ БЕКЕН?!
Каарманыбыздын бул сөзүнөн кийин такси айдап жүргөн айымдар кантип мындай кыйынчылыкка чыдашат болду экен деген ойго жетеленесиң. Буга жоопту учурда борбор калаабыздагы такси компаниялардын биринде эмгектенген АЙНУРА БЕЙШЕЕВАдан алдык:
-Ысык-Көл районундагы Темир айылынан болом. Жолдошум, 2 балам бар. 5 жылдан бери таксист болуп эмгектенем. Учурда Бишкек шаарындагы такси компаниясында иштейм. Мурда өзүмчө Бишкек-Алматы, Бишкек-Ысык-Көл каттамдарында таксист болчумун. Бирок компания менен иштегенде өзүңө кепилдик бар экен. Кээ бирде коркунучтуу учурлар болуп кетиши мүмкүн да (каарманыбыз өзүн коргоо үчүн дайыма жанына электрошокер салып жүрөт экен). Ошонусу жагып, бул жакта иштеп калдым. Жолдошум башында такси айдаганыма каршы болуп, кызганганынан жаныма отуруп алчу. Кийин компанияда иштей баштаган соң кызганбай калды.
Негизи, кичинемден эле машина айдоого кызыкчумун. Бул кесип өзүмө жагат. Кызыктуу, көп адамдар менен таанышасың, жер көрөсүң. Кээде күндүз, кай бирде түндө иштеп калам. Жаңы жылдын алдында жумуш жакшы болуп жатат. Күнүнө 15-20 кардарды тейлегенге жетишип, 1000 сомдон жогору акча таап жатам. Машинам бузулуп калса, майда-чүйдөсүн өзүм оңдойм. Оңдой албасам, атайын адистерге оңдотом. Унаамды бошой калганда эле жууйм. «Кантип такси айдап жүрөсүз?» деп кээ бир кардарларым таң кала беришет.

Ушундай, окурман. Ысык-суукка карабай, күнбү, түнбү, айтор, өз тиричилиги менен алек болуп, үй-бүлөсүн баккан бул кесип ээлерине бали дегиң келет. Ар дайым жумушуңуздар жакшы болуп, кардарлар көбөйсүн. Жаңы жылыңыздар менен!

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тачкист жана таксист. Жыргалы жана кууралы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
delfin
2013-01-02 22:21:36
Бирок азыр коп таксисттер наглый болуп кетишкен.Эгерде машина менен кетип баратып,жол тоскон адамга деле токтосон,жанында таксисттер болуп калса,таяк м/н башка согуп,бычак м/н донгологунду жарып,криминал болуп кетишкен.Мен андайга далай кубо болдум.Ошон междугородний атайын таксисттерге тушпойм.Психологиясы бузулуп калган.Тимеле жулунушат.
0
Beko_1
2013-01-04 13:12:33
Oa tachkistterdin iwi kiyin manday ter menen tabat oz akchasin. Adal ookat. Adamdar bolso bawka kerektuu nerselerine akchasin jon ele korotot da tachkistterge kelgande tim ele soodalawip kaliwat
0
murtur61
2013-01-05 00:25:17
Ар кимдин тапканына береке берсин Аллахым.Ишиниздерге ийгилик.
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан