ЧЫГЫШ ГОРОСКОБУ-2013

ЧЫЧКАН
1924, 1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008

  • Жеке жашоодо чоң кыйынчылыктарга тушукпайсыз. Чычкандар чечкиндүү сапатка ээ. Андыктан чечкиндүү болсоңуз, көп нерселерге жетишесиз. Иш жаатында кызматтык милдеттемелерин так аткарып, жетекчиликтин көзүнө илине алышат. Бул эмгек кийинки жылы кызматтан жогорулоого өбөлгө болуп берет. Эсиңизге салып кете турган жагдай, кандай иш болсо да соңуна чыгарууңуз керек. Болбосо жыл соңунда убакыттын тартыштыгынан кыйналып каласыз.
  • Жыл башынан тартып жыл аягына чейин чыгымдар көбүрөөк болуп, акча топтоо кыйынга турат.
  • Жыл ичинде түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүктөр көп болот. Бирок чырдын ырбап кетүүсүнө жол бербей, мамилени бекемдөөгө тырышыңыз. Болбосо мамиле муздап кетүүсү мүмкүн.
    Ал эми бойдоктор түзгөн мамиле түбөлүктүү болбойт. Жыл соңуна жетпей жан дүйнө жараланып калышы мүмкүн.

УЙ
1925, 1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009

  • Бул жылы арышты кенен таштап, бир катар ийгиликтерди жаратасыз. Өз күчүнө гана ишенгендер алдыңкы сапка чыга алашат.
    Уй жылындагылардын көпчүлүгү уюштуруучулук жана башкаруучулук жактан көзгө көрүнүп, карьералык өсүш жасай алышат. Ал эми чыгармачылык жаатта жалгыз алектенгендер көңүлдөгүдөй ийгиликтерди жарата алышпайт.
  • Каржы жаатында көп кирешелүү болосуз жана чыгымыңыз да көп болот. Акчаны үнөмдүү колдонгондор кыймылсыз мүлк сатып алууга жетишет.
  • Жумушуңуз сүйүүңүзгө тоскоолдук кылып, түгөйүңүз менен пикир келишпестиктер жаралып, айрымдардын мамилеси эки ажырым жолго түшүшү мүмкүн. Ал эми бойдоктор издеген адамына кезигет. Бирок бактылуу күндөрдү барктоо үчүн көп аракет талап кылынат.

ЖОЛБОРС
1926, 1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010

  • Жолборстор кадыр-баркка ээ болуп, сөзү көпчүлүккө таасир бере турган адамга айланышат. Үй-бүлө, тууган-урук арасында маселелерди чечүүдө тизгин толугу менен колуңузда болот.
    Иш жаатында бир катар сыноолор күтүүдө. Сиздин ишмердүүлүккө тоскоолдук кылып, ордуңуздан четтетүүнү эңсеген атаандаштар көп болот. Андыктан ар бир кадамды таразалап, ката кетирбөөгө тырышуу керек.
  • Адамдар менен тил табышууга ыктап аракет кылсаңыз пайдасы көп келишимдерди түзүп, акчадан кыйналбайсыз.
  • Эч себепсиз эле жан дүйнөңүз уйгу-туйгу ойлорго кептелип, түгөйүңүз менен уруштарга жол ачасыз. Мунун баарына бир гана өзүңүз күнөөлүү экениңизди билип, эмоцияны ичке катууга аракет кылыңыз.
    Бойдокчулук доорун сүрүп жаткандар да түгөй табуу кыйынчылыгына кабылат.

КОЁН
1927, 1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011

  • Жашооңуз күтүлбөгөн өзгөрүүлөр менен коштолот. Жумшак, кең пейил мүнөзүңүздөн пайдаланып, өз кызыкчылыгы үчүн колдонгусу келгендер чыгат. Жыл башында жумушка байланыштуу узак сапарга аттануу, жаңы адамдар менен таанышуулар күтүлүүдө. Жылдын экинчи жарымы адаттагыдай күндөр, үй-бүлө, тиричилик менен алектенүү менен өтөт.
  • Акчанын булагы жетиштүү болот. Бирок аны топтоп, чогултуу кыйынга турат. Жылдын экинчи бөлүгүндө каражат тартыштыгы келип чыгышы мүмкүн. Андыктан ашыкча чачып, карыз сурагандарга тарата берүүдөн оолак болуңуз.
  • Түгөйлүү адамдар үчүн жыл ичи жагымдуу күндөр менен уланат. Жакын мамиледе жүргөндөр түгөйүнө өз сүйүүлөрүн билдирип, колун сурашса, күткөн жообун алышат.
    Бойдоктор көңүлүндөгү адамы менен кол кармашып, бактылуу көз ирмемдердин кучагында болушат.

БАЛЫК
1928, 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012

  • Жыл ичи кызыктуу жана күтүлбөгөн окуяларга бай болот. Жеке жашоосуна байланыштуу маселелерге көбүрөөк токтолуп, жумушундагы өз милдеттерин башкалардын мойнуна жүктөөгө аракет кылышат. Бирок мунун жыйынтыгы кесиптештер ортосундагы пикир келишпестикке жеткирип, кызмат ордунан айрылууга да алып келиши мүмкүн.
    Ал эми өз алдынча ишкерлик кылгандар жакшы натыйжаларга ээ болушат.
  • Акча табууга ашыкча тер коротушпайт. Насыяга же бизнеске салган акчалары ойдогудай пайда алып келет.
  • Түгөйлөр ортосундагы мамиле бактылуулуктун туу чокусунда болот. Бирок убактылуу мамилеге азгырууга алдансаңыз, түгөйүңүздөн түбөлүк кол жуудум дей бериңиз. Ал эми бойдоктор бул жылы түгөйлүү болууга мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоосу керек.

ЖЫЛАН
1929, 1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013

  • Жылан жылында төрөлгөндөр жылдын ээси болгондуктан, бул жыл алар үчүн эсте кала турган окуяларга бай, кызыктуу жана жоопкерчиликтүү. Жеке жашоого жана жумушка байланышкан маселелерди чечүүнү колго алсаңыз, жыйынтыгы ийгиликтүү болот. Ошондой эле жеке жашоодогу көз карашты өзгөртүүлөрү күтүлүүдө. Айрымдар чет өлкөгө көчүп, жарандыгын алмаштыруусу да мүмкүн.
  • Каражат жагынан жыл ортосунан өткөнгө чейин кыйналуу болбойт. Үнөмсүз колдонуудан улам жылдын аягында каржы тартыштыгы күтүлөт.
  • Түгөйлөрдүн мамилеси бекемделип, жагымдуу атмосферада күндөр уланат. Ал эми жалгыздыкты башынан кечирип жаткандар бул жылы бир нече сүйүүсүн арнаган адамдарга туш болушат. Алардын ичинен бири менен мамиле кол кармашууга жетет.

ЖЫЛКЫ
1930, 1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002

  • Жагымсыз окуялардын болушу күтүлбөйт жана жыл ийгиликтүү болмокчу. Жеке жашоонун нугун жаңы багытка бурган жаңы таанышуулар орун алат. Көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп, сүймөнчүк аталасыз. Бул ишиңиздин келечегине жакшы жол ачат. Жашооңузду жакшыртуу үчүн жумушта тыным албай билекти түрүп иштейсиз.
  • Материалдык жактан жакындарыңыз тарабынан колдоого ээ болосуз. Капчыгыңызды толтурууга өзүңүздүн да жакшы мүмкүнчүлүктөрүңүз болот.
  • Түгөйлүүлөр ортодогу мамилени сактоону колго алуусу керек. Түшүнбөстүктөрдөн улам мамиледе ажырым пайда болсо, аны бириктирүүгө күчүн жумшаган оң. Себеби жаңы адам менен мамиле түзүүгө белсенбей эле коюңуз, аягы жакшылыкка алып келбейт. Бойдоктордун да тилеги ордунан чыкпай калышы мүмкүн.

КОЙ
1931, 1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003

  • Жыл ичинде жумушта, үй-бүлөдө, жеке жашоодо оор сыноолор, өзгөрүүлөр күтүүдө. Бул сыноолордон өз алдынча өтүүгө баарынын күчү жетпейт. Андыктан жакындардын сөзүнө кулак салып, кеңешип, чечимдерди кабыл алганы туура.
  • Кирешеден чыгаша көп болуп, каржы тартыштыгы кыйнайт. Акчаны үнөмдөп, зарыл нерселерге гана жумшап, кээ бир нерселерден аргасыз баш тартууга туура келет. Болбосо карыз алууга мажбур болосуз.
  • Түгөйлүү адамдар ортодон пайда болгон жаңы адам менен мамиле куруудан алыс болушу шарт. Болбосо азгырыктын аягы өкүнүчкө алып келет.
    Бойдоктор сүйүктүүсүн тандоодо шашылбай, алгач бири-бирин жакындан жакшы таанып, анан гана бекем мамилеге өткөнү оң. Болбосо сырты жалтырак, ичи калтырак адам туш болуп калышы мүмкүн.

МАЙМЫЛ
1920, 1932, 1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004

  • Алдыда чоң тоскоолдуктар жок. Майда маселелер жаралганы менен аларды чечүү кыйынга турбайт. Жыл ичинде чырдуу окуялар болушу мүмкүн. Бирок анын баарын акыл менен жолго саласыз.
    Жумуш жаатына келсек, маанилүү долбоорлорду баштайсыз. Бут тоскон көрө албастар чыгат. Талыкпаган эмгек менен аракет кылсаңыз, жакшы ийгиликтерди жаратасыз.
  • Жылдын биринчи жарымында акчалуу болуп, жакындарыңызга да каралашып турасыз. Бирок ыксыз акчаны чача берсеңиз, жылдын экинчи жарымында алакан жайып отуруп калууңуз мүмкүн.
  • Үй-бүлөлүүлөрдүн жашоосу жагымдуу атмосферада өтөт. Түшүнбөстүк орун албайт. Бири-бирине болгон урмат артат.
    Бойдоктордун тилеги орундалып, көңүлүндөгү адамына кезигет. Айрымдары үй-бүлө очогун тутантууга жетиши күтүлүүдө.

ТООК
1921, 1933, 1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005

  • Энергияңыз ашып-ташат. Туура пайдалансаңыз, көп иштериңизди бүтүрүп, сый-урматка татыйсыз. Өзгөчө өндүрүш тармагында эмгектенгендерди чоң жетишкендиктер коштойт. Ал эми өз алдынча жеке ишкерлик жана чыгармачылык менен алектенгендер өз күчтөрүнө гана ишенүүсү керек. Сырттан колдоо издөө жакшы жыйынтык бербейт.
  • Алдыда кайсы бир иштер чоң сумманы талап кылып калышы мүмкүн. Андыктан дайыма кошумча акча сактап койгонуңуз туура. Кээ бирлер иш ордун жоготуп, жумушсуз калышы мүмкүн.
  • Сүйүктүүңүз менен түшүнбөстүктөргө кептелип, таарынычтар жаралат. Айрымдар кол үзүшүүгө кадам таштоосу мүмкүн. Бирок мамилени муздатпай, жандандырууга аракет кылуу керек. Түгөй издеген бойдоктор көңүлүнө жаккан адамын табат, өкүнүчтүүсү оң жооп ала алышпайт.

ИТ
1922, 1934, 1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006

  • Балык жылында алдына койгон максаттардын бардыгы ишке ашса, бул жылы, тескерисинче, ойлогон ойлоруңуздун кээ бири орундалбай калат. Убаракерчилик көп тартасыз. Жумушта жеке өзүңүздүн оюңузду таңуулай бербей, башкалардын да сөзүнө кулак салсаңыз гана жакшы жыйынтыктарга жетесиз. Башыңыздан өткөн окуялар сабак болуп, сабырдуу, калыс болууга үйрөтөт.
    Чыгармачылык менен алектенгендердин жылдызы жанат.
  • Акчанын көбөйүшү карьерага көз каранды. Андыктан каржылык абал туруктуу болот деп айтуу кыйын.
  • Түгөйлөр ортосундагы мамиленин бузулушуна эч кандай коркунуч жок. Ал эми бойдокчулук күндөрдөн кутулууну эңсегендер бир нече таанышуу, жолугушууларды өткөрөт. Бирок кыялындагы адамын кезиктире албашы ыктымал.

ДОҢУЗ
1923, 1935, 1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007

  • Доңуз жылындагыларга бул жыл жагымдуу болмокчу. Анткени бардык ойлогон ой-максатына жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Көптөн бери кыялданып жүргөн тилегиңиз орундалат. Материалдык абалыңыз чыңдалат жана жаңы тааныштар менен катарыңыз толукталат. Бирок өзүмчүлдүк сапат күчөп кетсе, жеке жашооңузда тоскоолдуктар жараларын эсиңизге түйүңүз. Жумушта мыктылыгыңызды көрсөтүүгө жетишесиз.
  • Каржыда жазында бир аз кыйынчылыктар болушу күтүлүүдө. Ал эми андан кийинки убакта капчыгыңыз жукарбайт. Акча топтоп, жаңы иш баштайсыз.
  • Сүйүктүүңүз менен таарынышып кетүү орун алышы мүмкүн. Айрымдар түгөйүнөн кол үзүп, жаңы адам менен кол кармашууга барат.
    Бойдоктор да бул жылы издеген адамына кезигет.

 Кыстарылган видео 
Келерки жылы кимди эмне күтөт?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aijash1
2013-01-02 20:05:44
Аллахым пешенеге жазганын коро жатарбыз.
+1
kim80
2013-01-03 16:19:11
бир гана Аллахка ишенем....
+3
valide
2013-01-03 23:16:20
Аллахка гана ишениш керек
+1
Ella_0321
2013-01-05 22:44:42
eei bir allah bilet.
+1
saulya
2013-02-16 16:29:25
ушул коментарияларага 100% кошулам=)
0
Shekerbek
2013-06-01 17:08:15
тагдырлар Аллахка гана белгилуу
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан