«БАКТЫМДЫ СААТ 12де ТАПКАМ!»

– Мен Жаңы жылды таптакыр майрам деп эсептебейм. Деги эле убараланып кимдир бирөөлөргө белек сатып алып, жасанып-түзөнүп, анан үйгө салат-малат жасаганы бир ай мурун даярданып алган айымдарды көрсөм кыжырым кайнап кетет. А мен... мен таптакыр башкача кызмын. Эркинмин, эркиндигим мага ушунчалык жагат. Жаңы жыл күнү ата-энеме телефон чалып майрамы менен куттуктап коюп, үйдө мышыгымды кучактап алып уктайм. Ишенбешиңер мүмкүн, бирок көп жыл бою мен Жаңы жылды уктап тосуудамын. Саат 12де чуру-чуу түшүп калышканда “жиндилер” деп башымды чүмкөп алып уктай берем. Ушундай жиндиликтен Кудай мени алыс кылып койгонуна, сентименталдык нерселер дилиме жат экенине кубанам. Ооба, ким эмне десе ошо десин, мен эч кимден көз карандысыз, жалгыз, жапайы турмушумду бакыт деп ойлойм.
Чогуу иштеген Кенже аттуу курбум бар. Мен эч кимге дүйнөмдү ишенип бере албаган, элге сыртымды салган кыз болсом, ал тескерисинче, кимдин болсо да ичи-койнуна кирип, жаркылдап-жайнаган, ар кимдин маселесин чечип бергенден рахат алган, анан да тынып-тынчыбаган жан. Ушунчалык таң калганым, бир жумада экиден, кээде үчтөн жигит менен деле тааныша берет. Айтор, издөө менен эле жашап келе жатат. 31и күнү жумушка кирип, ордуна өтө элек жатып менин жаңы жылдык планымды сурады.
– Эмне кыласың?- дедим бурк эте.
– Алтышка, мен көптөн бери Бакыт менен сүйлөшүп жүргөм. Анан билесиң го, айтып жүрбөдүм беле, телефондон бир жигит менен таанышып калгам.
– Анан?
– Анан эмне болмок эле, ал жигит да 31инде жолугууга чакырып калып жатпайбы...
– Уфф, башталдыбы?
– Наргиза, мен сонун нерсе ойлоп таптым. Мен Бакыт менен жолугушканча, сен тиги жигитке...
– Башымды оорутпачы.
– Менин атымды айтып, мен болуп эле тааныша бер. Жакпаса, таптакыр жооп бербей коёсуң. Курбум, өзүм эле жолукмакмын, экөө бир күндө чакырып калбаса... Сен үйүңдөн чыгып да убара болбойсуң. Дарегиңди берип коём.
Бир нерсе дегиче быдылдап алып чыгып кетти. Аргасыз башымды чайкап кала бердим. Ал тургай ал сөзгө маани деле бербеген экем. Жумуштан чыгып алып үйгө жөнөдүм. Үйүмө жакындаганда эшиктин жанында гүл кармап турган бою узун жигитти байкадым.
– Кечиресиз, сиз Кенжесизби?- деди ал уялыңкы.
– Жок, жаңылышасыз...- деп келе жатып Кенжеге жолуга турган жигит ушул экенин билдим.
– Мени кечирип коюңуз, бир аз кечигип калып...- сөзүн угуп-укпай үйгө кирип кеттим. 20 мүнөттөн соң эшиктин коңгуроосу шыңгырады.
– Сизге ким керек?- дедим эшикти ачпай туруп кыйкыра.
– Сиз!
– Мен Кенже эмесмин дедим го,- дедим жаным кашая.
– Бүгүн экөөбүз жолугабыз деп көптөн бери телефон менен сүйлөшүп...- сөзүн аягына чейин укпай эшикти шарт ачтым да, кыйкырып коё бердим.
– Сага эмне керек, ыя? Кенже эмесмин, ал башка жигит менен кетти. Мээң иштесе, сени менен кетмек! Мен башка кызмын! Айттым го, мен башкамын.
Бечара мындай реакцияны күтпөсө керек, кетенчиктей берди. Эшикти шарт жаап алып, керебетиме куладым. Өксүп-өксүп ыйладым. Мындан бир нече жыл мурун так Жаңы жыл күнү ишенген адамымдын чыккынчылыгын билгем. Көп жылдар бою экинчи бөлүгүмө айланып калды деген адам жаңы жылдык майрамда башка кыздын кучагында отурганын көрүп, башыма бирөө таш менен чаап жибергендей болгон. Кийин артымдан чуркады, кечирим сурады, ал эркектерге тиешелүү утурумдук кызыкчылык экенин айтты. Бирок менин ишеничим сынган эле. Алгач ыза болдум, кийин андан өч алам дедим. Анан бардык сезимдер өчүп, болгону, бардык адамдардан жатыркоо сезими ээледи. Ошондуктан Жаңы жылды жек көрөм!
Ушинтип ыйлап жатып көзүм илинип кеткен экен. Бир маалда  эшиктин коңгуроосу шыңгырап калды. Босогодо колуна гүл кармаган баягы жигит!
– Мен кете албай койдум...- деди ал күнөөлүү.
– Эмнеге?
– Сизди аядым...
Мына сага, бейтааныш адам аяп жатса, демек, иш бүткөн экен да. Ызам тамагыма тыгыла түштү. Эшикти жаба турган болгонумда ал кармай калып, көзүмө тигиле берди.
– 12ге аз гана убакыт калды. Азыр мени кууп жиберсеңиз сиз да, мен да жалгыз тособуз. Келиңиз, Жаңы жылды чогуу тосолу, анан кет десеңиз кетем.
Аргасыз артка чегине бердим. Шашып-бушуп ала келген гүлүн столго коё салды да, эмне кыларын билбей туруп калды.
– Болуптур, атыңыз ким?- дедим чарчаңкы.
– Ишен.
– Хм, а мен эч кимге ишенбейм.
– А мен ишендирем,- деди ал чечкиндүү.
Тунук, арамы жок, жөнөкөй көздөр ишенимдүү тигилип турду.
Ким билет, менин тагдырыма ошол күнү Ишен кезикпегенде дагы деле Жаңы жылды жалгыз тосуп жүрө берет белем... Эми биз үй-бүлөбүз менен Жаңы жыл майрамын жакшы көрөбүз. Анткени ар бир жылы ушул күнү мен бактымды тапканыма, кыздарымдын атасын тапканыма кубана белгилеп келем.

Наргиза
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
aia-s
2012-12-31 17:45:52
жаны жыл бактысынан ажыратып анана кайра жаны жыл жаны бактысын таап берген экен да эх!
+3
Beka90
2012-12-31 17:58:59
aia-s, менимче ал жигит сыйкырчы адам болсо керек!
0
Beka90
2012-12-31 18:10:09
Бирок жигит малотцы стерва кыздан бактысын таап алыптыр.
0
Periwa
2013-01-07 00:29:52
Beka90, sterva deisin go????sterva kylgan ozunor...birinchi ozunon bashta talkuunu anan bashka adamga jetpeisin
0
zamko
2013-01-01 07:40:28
Jakshi chigarma eken
0
alinur91
2013-01-01 16:14:56
аяз ата боксо керек ха ха
0
zvezda...
2013-01-02 00:33:30
Мумкун реальная история чыгар...Эмнеси болсо да жакшы маанай тартуулай турган экен)))
+1
gangster_KG
2013-01-02 21:48:29
Анын бактысын аяз ата белек кылыптырда
0
tholpon
2013-01-02 23:12:21
жакшы окуя экен жаны жылда баары бактылуу болушун каалаймын.
0
ZarinaSM
2013-01-03 18:33:59
мен ишенбейм!
0
Periwa
2013-01-07 00:33:19
ZarinaSM, al ozundun iwin ....
0
clever777
2013-01-04 14:56:08
мен ишенем.
0
Cyldyzka
2013-01-09 17:28:08
mınça sonun
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан