Жакут Сыдыков:«КУУДУЛДАР АРАСЫНДА ЫНТЫМАК БАР, БИРИМДИК ЖОК»

Кезинде колунан кызыл гүлү түшпөгөн куудул Жакут Сыдыков учурда 2 уул, 1 кыздын бактылуу атасы. Быйыл куудулдун чыгармачылык менен алпурушуп жүргөнүнө 10 жылдын жүзү болуптур.Чыгармачылыктын чыйыр жолундагы оош-кыйыш, күнгөй-тескейи, жеке жашоосундагы өзгөрүүлөр менен бөлүшүп, бизге кызыктуу маек куруп берди.

«АПАМДЫН АСЫРАП АЛГАН БАЛАСЫМЫН»
-Мен 1978-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз, алтообуз жашоо шартка байланыштуу алты башка жерде жарыкка келиптирбиз. Атамдын алыс тууган эжеси Калиман төрөбөй, улуу агам Бакытты асырап алат. Бирок ата-энем «Бакыт тун балабыз, кийин балалуу болсок, сизге сөзсүз беребиз» деп агамды кайра алышыптыр. Бакыт агамдан кийин эжем, андан кийин мен төрөлгөм.
Мен 1 жашка чыга электе ата-энем Калиман апама алпарып беришсе, «кереги жок мага бул сапсары балаңардын, мага Бакытайым керек» деп аябай ыйлаган экен. Проблемам тороло элек жатып эле башталып, же тиякка өтпөй, же биякка өтпөй... Бирок кийин Калиман апам мени өз баласындай бапестеп бакты.
«Аккан арыктан суу агат» деген кеп бар эмеспи, өзүм улуу акын Тоголок Молдонун неберелеринен болом, ошол айылда чоңойдум. Тайларым комуз чертсе, төрөгөн апам жазуучу. Мендеги ырчылык, куудулдук өнөр ошол адамдардан берилсе керек.

«ЭРКЕК БАШЫМ МЕНЕН ЫЙЛАГАМ»
-Айылда концерттерди, дискотекаларды мен уюштургандыктан, аброюм күч болчу. Клубдун ачкычын колума айлантып алып көчөдө «блатной» болуп кыздарга тийишип, эки жакка басып калчумун. Үйдө караңгы түнгө чейин ыр жазып отурсам, апам жанымдан чыкпай иш кылып жүрө берер эле.
Бир күнү эски чемодандардын ичинен тил кат таап алдым. Анда: «Мен, Тариел (өзүмдүн атам) Калиман эжебизге балам Жакутту бердим. Кайра эч качан сурабайм» деп жазылыптыр. Чыгармачыл адамдар сезимтал келет эмеспизби, ошондо дүйнөм астын-үстүн болуп, эркек башым менен ыйлагам. Апам мени отургузуп алып «мен эч качан төрөгөн эмесмин. Тагдырыма ыраазымын, сен менин эрмегим болдуң. Бирок эртеби-кечпи өз ата-энеңди табышың керек» деди.
А мен өз ата-энеме таарынып, бир топ жылга чейин барбай жүрдүм. 2000-жылы гана апамды издеп Ысык-Көлгө бардым. Ал кезге чейин ата-энем ажырашып, экөөнүн эки башка үй-бүлөсү бар экен. Төрөгөн апамдын үйүнүн алдында киргенге батына албай ойлонуп кечке отурдум. Анан кат жаздым. «Саламатсызбы, Гүлкайыр эже? Сиздин Бакыт, Жылдыз, Айгүл деген балдарыңыз бар. Бирок 1978-жылы 16-июнда Жакут деген да бала төрөдүңүз беле? Ошол жигит азыр эшигиңиздин алдында сизди күтүп отурат деп ойлойсузбу?» деп жазып кичинекей баладан берип жибердим. Бир аздан кийин эле апамдын кыйкырган үнү чыкты. Ошондо баары чыгып мени баса жыгылышкан.

«САЯСАТ ТУУРАЛУУ САТИРА АЙТА АЛБАЙМ»
-Азыр ким популярдуу? Саясатчылар. Анткени эл концертке келбей эле ошолорду көрүп калышпадыбы. Саясатчылар биздин көрүүчүлөрдү тартып кетишти. Чынын айтайын, саясат тууралуу сатираларды айта албайм, ал менин колумдан келбейт экен. Куудулдун эң башкы максаты – бул коомдуу тарбиялоо, күлкү аркылуу адамдардын кемчилигин көрсөтүү эмеспи. Ошол эле пикет-митингде жүргөн элди биз Спорт Ордосуна алып келип, тамашаларыбыз аркылуу туура жол көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм.

«БИЗ» ТОБУ МЕНЕН ТУШООМДУ КЕСКЕМ»
-Сахнага «Биз» тобу менен чыгып тушоомду кескем. Алгач колума кызыл гүл кармап чыкканмын. Мына ошол идея Алим Токторовго таандык болчу. Ошол кезде «Бешилик», «Орок-Балкалар» чыгып жаткан мезгил. Алардан өзгөчөлөнүп туруш үчүн атайын гүл кармап чыккан элем.
Ынак Осмоналиев, «Кеңеш» тобу менин ырларымды ырдап жүрүшөт. Ильяз менен Мажит ырдаган «Салам, братан!», Ирлан Таалайбековдун «Окуучу кыз» деген ырларын жазып бергем.
Ушул жерден бир нерсе айта кетейин, «Окуучу кызды» Ирландан мурун мен Мелис Абдрашитов деген ырчы жигитке берген элем, бирок ошол кездеги Ирландын продюсери Асыл Апасова менден сурабай эле Мелистен биринчи ырдатып салыптыр. Ошондо аябай капа болгонмун. Мелистин ата-энесинин ырга кетирген каражатын Асыл эжеден алып берип кутулгам. Учурда 50гө чукул обондуу ырларым бар, буюрса, 3-январда Спорт Ордосунда өтө турган концертимде ошол ырларымдын көбүн уга аласыздар.

«АЛДЫН АЛА СЫНАКТА УТУЛАРЫМДЫ БИЛИП БАРДЫМ»
-Көп эле куудулдар сынагына катыштым. Кыргыз куудулдарынын арасында ынтымак бар, бирок биримдик жок. Бирге иштешип тажрыйба бөлүшүү деген жокко эсе. Мыкты сатириктер менен иштеше албай келебиз. Сынактарды уюштурганда да шайлоо сыяктуу кылып салышат. Билеттерди таратып, залдагы элге добуш бердиртип. Бирок айрым куудулдар 1000 билетти бир сатып алып, элге таратып жиберсе болду да, ошол куудулдун атына салышат. Анан аягында «Ата Мекен» артта калгандай эле мен калып калам.
Жалал-Абадда өткөн Манас Бердибековдун 55 жылдыгына арналган сынакта алдын ала утуларымды билип, атайын утулган баланын арманы кылып «33 жашар баланын арманы» деген пародиям менен бардым. Сынакта баягы эле ата-баланын мамилеси, кадимки турмуштук интермедиялар болду. Бир эле мен Манас Бердибеков жөнүндө сатирамды даярдап барыпмын. Ошондо куудулдардын баарынын жүрөгү түшүп калышты го. Стадион бир жарылды дейсиң. Абдылда Иманкулов өзү стадиондон түшүп келип, бетимден сүйүп куттуктады. Ошондо да баш байгени мен алган жокмун, Тынар алып кетти. Көрсө, калыстар тобу катышуучулардын буга чейинки жетишкен ийгиликтерин да эске алышыптыр.
«33 жашар баланын арманын» жазууда төкмө акын Аалы Туткучевдин кошкон салымы чоң. Аалы багыт берип, кеңешин айткан. Учурда бул ырым жеке программамда эң жакшы пародиялардын бири болуп калды.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жакут Сыдыков: "Апамдын бир штук баласы болчумун"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
elnurin
2013-01-01 00:16:57
sonun interview boluptur. Jyrgap kordum. Atanyzdyn aty kim Toguz Torodo jashasa?
0
RainaDiamond
2013-01-01 06:38:00
Azamat baike eken Yigilik!
0
bacyt
2013-01-03 11:00:41
Маегин мыкты болуптур доске! Ийгилик сага, жана Алланын ыраазычылыгына татып уй булон менен бирге журо бер! Буюрса концертинен жолугабыз!
0
asyl85
2013-01-03 13:20:50
жакшы маек болуптур
0
Erlasha_88
2013-01-08 03:37:09
жакшы оркундой бер
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан