ЭЧ КИМ, ЭЧ КАЧАН УНУТУЛБАЙТ!

Өткөн жумада Чүй облусунун Ак-Бешим айылында 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдүн алдынан ок тийип каза тапкан Эмилбек Ниязалиевге арналган эстелик тургузулду. Бул тууралуу маркумдун досу Владимир Краснокуцкий маалымдады. Анын айтымында, эстеликке кеткен 50 миң сом чыгымды айыл тургундары өз эрки менен чогултушкан. Эстеликтин ачылышына баатырдын 300гө чукул айылдашы, достору жана жергиликтүү кеңештин депутаттары келишкен. “Эмилбек Ниязалиев мектепте мугалим болуп иштечү. Артында келинчеги жана эки кичинекей баласы калды”,- деп кошумчалады досу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан