ЧҮЙ ОБЛУСУНДА СУУЛАРДЫН КӨЛӨМҮ ЖОГОРУЛООДО

Декабрь айында Чүй облусунда аба ырайынын кескин жылышына байланыштуу Ала-Арча дарыясында суунун көлөмү жогорулоодо. Анын натыйжасында нугунан ашкан суу Бишкектин айрым жерлерин каптап жатат. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. ӨКМнын билдирүүсүнө ылайык, өткөн аптада борбор калаабыздын 10-кичи районунун маңдайындагы «Бишкексууканал» ишканасынын аймагын жана Бөкөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгүн суу каптаган. Мындан тышкары Аламүдүн суусу да көтөрүлүп, Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айылын суу каптап кетүү коркунучу түзүлгөн.
Кырдаалдын алдын алуу үчүн КРнын Коргоо министрлигинин «Кой-Таш» аскер бөлүгүнөн жана жергиликтүү тургундар тарабынан 10 адам Аламүдүн суусунун жээгине 70 мүшөк кум тизишти. Андан тышкары айыл тургундары да өз алдынча суунун жээгине 30 мүшөк кум коюшту. Учурда суунун нугу бир калыпка түшүп, адистер тарабынан көзөмөлгө алынды.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан