ТОРПОК УУРДАГАНДАР ТОРГО ИЛИНИШТИ

Чүй облустук ИИББинин маалымат кызматынын билдиргенине ылайык, Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун эки жараны мал уурулукка шектелип кармалышты. Өткөн аптанын аягында Аламүдүн районундагы Арчалы айылынан торпок уурдалган. Бул мал уурулук фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштери жыйынтыгын берип, көп узабай кылмышка шектүү деп Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунун 34 жана 22 жаштагы эки тургуну кармалды. Учурда алардын үстүнөн тергөө иштери жүрүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Jamaksana8988
2013-01-01 23:55:56
Ой биздин 4 кунажыныбызды уурдап кетишкен бирок ууруларды тапкан эмеспиз,Уурулар шумшук болушат ...
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан