КАРЫЗДАН КУТУЛАМ ДЕП КҮРКӨ ТОНОГОН

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын 17 жаштагы тургуну бет кап кийип соода күркөсүн тоногону үчүн кармалды. КРнын ИИМинин басма сөз кызматы маалымдагандай, кылмышка шектүү үстүбүздөгү жылдын 6-декабрь күнү болжол менен саат 21 чамасында аталган райондун Алексеевка айылындагы соода күркөлөрүнүн бирине кирген. Колундагы союлу менен 15 жаштагы сатуучу баланы коркутуп, сооданын акчасы салынуучу кутуну алып качкан. Келтирилген чыгымдын суммасы 2000 сомду түзгөн.
Кылмышка шектүү С.Я. бардар үйдүн баласы болгону менен, эч жерде окубайт жана иштебейт экен. Тергөөдө маалым болгондой, ал бирөөлөргө өзүнүн буюмдарын күрөөгө таштап, ата-энесине билдирбей карызынан кутулуу үчүн каракчылыкка барган. Учурда бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан