Чүй облусунун Кемин районунда 24-декабрь күнү Хонда Одиссей үлгүсүндөгү жеңил унаа Бишкек-Торугарт жолунда келе жатканда оодарылып кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымат таратты. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дегендей, кырсыкка айдоочунун рулду башкара албай калганы себеп болгон. Жыйынтыгында 33 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну болгон жүргүнчү айым каза тапты. Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.