НАРЫНДА «СУПЕР-ИНФО» ТРОЛЛЕЙБУС МЕНЕН ЭЛДИ БЕКЕР ТАШЫДЫ

Нарын дүйнөдөгү троллейбус каттаган эң кичинекей шаарлардын бири катары таанымал. Анан баары тамашалап айтып калгандай, бул шаардын чоң бир көчөсү бар, дал ошол көчө менен троллейбус күн сайын жүргүнчүлөрдү ташып келет. Андыктан троллейбусту каарман катары тандап алуу да бекеринен чыкпады...

БӨБӨКТӨР ЖАРЫША ЫРДАП-БИЙЛЕШТИ
Нарын шаары деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашып, өлкөнүн эң тоолуу жана кыш мезгили узак созулган аймагы катары таанымал.
Дубандын борбору Нарын дарыясын жээктеп орун алган. Бул ирет «Супер-Инфо» гезитинин облустагы өкүлчүлүгү теңир-тоолуктарга жаңы жылдык маанай жаратуу үчүн чакан акция өткөрдү. Троллейбустун ичи-сыртын жасалгалап, кооздодук, кийин аны айдатып алып жүргүнчүлөрдү бекер ташып, жаңы жылдык ырларды айтып берген бөбөктөргө таттуу момпосуйларды тараттык. Бөбөктөр кубанычтарын жашыра албай, кезектешип ырларды айтып, айтор, белектерге ээ болууга болгон күч-аракеттерин жумшашты. Биз менен кошо жүрүүгө кызыгыштыбы, айрым жүргүнчүлөр түшөр аялдамасынан да өтүп кетип жатышты. Жаңы жыл – өзгөчө жаш бөбөктөрдүн бир жыл бою күткөн майрамы. Андыктан бул акциябыз баарынан да кичинекей окурмандарыбызга жакты көрүнөт.

ОКУУЧУЛАР ДА БЕЛЕКТҮҮ БОЛУШТУ
Троллейбустун ичиндеги шаң-күлкүнү өчүрбөй, жаңы жылдык маанайды уланталы деп мектептерди кыдырып жөнөдүк. Алгач №5-Кычан Жакыпов атындагы орто мектепке барсак, тестиер балдар спорт залда баскетболдук машыгуу өткөрүп жатышкан экен. Алып барган таттуу даамдарыбызды берип, жаңы жылдык каалоо-тилектерибизди айттык. Андан соң №7-Матен Сыдыков атындагы орто мектепке сапар тарттык. Ал жакта да окуучуларды сергек жашоого үндөп, майрамдык маанай тартууладык.

«НАРЫН ЭЛИ ҮЧҮН ЧОҢ ЖАҢЫЛЫК БОЛДУ»
Жаңы жылга карата өткөргөн акция жүргүнчүлөрдүн бардыгына жылуу маанай тартуулады. Балдарын жетелеп кирип келген Нарынкүл аттуу айым: «Супер-Инфо» гезити ушинтип элди бекер ташып жатканы үчүн чоң рахмат. Буга чейин мындай иш-чараны көргөн эмеспиз. Гезит абдан кызыктуу. Үй-бүлөбүз менен окуйбуз, ишиңерде ийгилик болсун!»- деп каалоо-тилегин айтып өттү.
Айрымдар «троллейбуска деле түшчү эмес элек, жалтырап, ичи-сырты кооздолуп келе жатса эмне болуп кетти дегенимчи... Нарын эли үчүн бул нерсе жаңылык» деп жатышты.
Айтмакчы, почтанын аялдамасына келип токтогонубузда бир топ адамдар түшүп калышты. Акция жөнүндө түшүндүрүп баштаганыбызда дароо эле бир мырза төш чөнтөгүнөн бүктөлгөн гезитибизди сууруп чыгып, «ушул гезитти сатып алуу үчүн бараткам. Силерге Нарын эли чоң ишеним артат. Келе жаткан Жаңы жыл элге токчулук, ырыс-кешик алып келсин!» деп батасын берди.
Ошентип, элдин батасын алып, көңүлдөрүн көтөрүп, 4 саат убакыт кандай өткөнүн билбей калдык.

ТРОЛЛЕЙБУСТУН ТАРЫХЫНАН КЕП...
Троллейбустук линиянын Нарын шаарында тартылып калуу тарыхы да кызыктуу. СССР убагында кыргыз аткаминерлери Нарынга троллейбустук линия ачууну сунуш кылышкан. Бирок Москвадагылар бул сунушту четке кагышкан экен. Мамлекетибиз эгемендүүлүк алган соң маселе кайрадан көтөрүлүп, 1994-жылы 13-декабрда троллейбус каттамын киргизүү кабыл алынган. Ошентип, шаардын тургундары менен конокторун 18 жылдан бери троллейбус тейлеп келет.

Нарын шаардык транспортун эксплуатациялоо өндүрүштүк мекемесинин директору Жумабек Осмоналиев буларды айтты:
– Бизде 4 троллейбус бар. Алардын үчөө Теңир-Тоо элине кызмат көрсөтүп жатат. Ал эми бирөө тетиктердин жетишсиздигинен токтоп турат. Троллейбустун тетиктери абдан кымбат жана Кыргызстандын аймагынан табылбайт. Талап боюнча троллейбус өндүрүшкө чыккандан кийинки иштөө мөөнөтү 9 жыл. Ал эми биздин троллейбустарга 30 жылдан да көп болуп кетти. Троллейбус – Нарын шаарындагы социалдык-коомдук транспорт. 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларды бекер ташыйбыз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нарында "Супер-инфо" троллейбус менен элди бекер ташыды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Roha_aium
2013-01-01 14:05:51
Абдан жакшы, Азаматсынар Супер инфо! Ардайым алга ак жол силерге!
0
Karysh
2013-01-01 22:19:29
Өтө эски шаарга окшош Нарын шаары
0
zoro21
2013-01-02 23:56:25
Ош шаарында Элфм радиосу да ушунтип ташыган эле, алар 4 автобус болгон.Идеа уурдалган гоо.)))баары бир сонун болуптур.
0
prezent
2013-01-03 18:43:44
zoro21,oa menda korgom elfm jasaganga okshop kalyptyr.Naryn shaardai emes go.uayt.osuuu kerek eken
0
Lovebaby
2013-01-04 01:02:01
naryn da kyrgyzstandyn oblastynyn kataryna kiret, onukturuwubuz kk, uurdasa da eldin maanayin kotoruwuptur. Azamatsynar super info!
0
murtur61
2013-01-05 00:34:05
Азаматсынар алга!
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан