ЖЫЛДЫЗДАРДЫ ТАБЫШТЫРГАН БАЛЫК ЖЫЛЫ

Өтүп бараткан жылда шоу, маданият өкүлдөрү кандай ийгиликтерге жетишти? Кимиси үйлөнүп, кимиси турмушка чыкты? Дагы кимдер бешик терметип, ата-энелик бакытка бөлөнүштү?..

БАШ КОШКОН ЖУБАЙЛАР
Балык жылы шоу-бизнестин кыздарынын багын ачты окшойт. «Чү» дегенде эле Ассоль Молдокматова менен мушкер Алмазбек Раимкуловдун сүйүү романы элге дүң дей түштү. «Бул пиарбы же чындыкпы?» деп эл эсине келгиче экөө баш кошту. Андан алыс өтпөй “Качан үйлөнөсүң?” деген суроону фобия көргөн Чыңгыз Мырзаев фобиясынан биротоло кутулду. Дегенибиз, ал “Супер сулуу-2011” сынагынын катышуучусу Надирабегим Нурдинова деген бийкечке үйлөндү.
Баса, бул жыл “Супер сулуулар” үчүн да ийгиликтүү болду. Чыңгыздын келинчеги баштаган жакшы жөрөлгөнү улай “Супер сулуу-2008” Чинара Керимкулова, “Супер сулуу-2009” Бегайым Алисопиева, “Супер сулуу-2011” Айсулуу Өмүралиева да ак жоолук салынышты.
Андан сырткары Айнура Салахидинова июнда жашоосунун чырагын таап, Жалал-Абаддын жылдыз келинине айланды. «Кыялымдан кетпес» деген ыры менен популярдуу болгон Алихан Айпери деген бийкечке үйлөндү. Зари Тимур аттуу мырзага баш байласа, “кыздардын мыктысы меники болот” деген телеалпаруучу Жанар Акаев Жыргалына жетти. Актриса Зарема Асаналиева, Кымбат Асизова, ырчы Эльзар Өскөнбаева да жигиттерине түбөлүк жар болушту. “Дем” театрынын актёру Эркин Эгембердиев, ди-джей Расул Мырзатегин, ырчы Абир Касенов да арзыган кыздарына жетип, элге жар салып, үлпөт той беришти.

МУРАСКЕРЛЕР КӨП БОЛДУ
Балык жылы майлуу келип, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн үйлөрүндө «тапичкелер» көбөйүүдө. Балалуу болгондордун катарын өтүп бараткан жылда ырчы Бекчоро кыздуу болуп баштап берди окшойт. Ага удаа эле Мирбек Иманбековго келинчеги Бурул уул төрөп берип бактылуу кылды. Ильяз Абдыразаков, Эрмек Нурбаев, телеалпаруучу Каныбек Асанкары уулу, Бактияр Токторов, Сема, Кубаныч Сатаев да мураскерлүү болушуп, маңдайы жарылып жүргөн кездери.
Ошондой эле Аскар Салымбеков менен телеалпаруучу Гүлжан Кулманбетова, Айбек Карымов менен Гүланда, Гүлнара Кахарова да уулдуу болушту. Куудул Жакут Сыдыков, бильярдчы Каныбек Сагынбаев, “тамашоучу” Мурат Жалиев, “Кеңеш” тобу, Нурайым Азыкбаева, Азиза, Асема, Нуриза Абазова, бийчи Назик кыздуу болушса, ырчы Нэна, телеалпаруучу Роза Ибраимова уул төрөп берип жолдошторун кубантышты. Ал эми Алина Жетигенова, Динара Акулова, Эрнест Абдыжапаров небере жытына мас болуп жүрүшөт.

2012-ЖЫЛ ЖАГЫМСЫЗ ОКУЯЛАРДАН ДА КУРУ ЭМЕС
Жолборс каардуу жырткыч эмеспи, ошонун таасириби, айтор, былтыр урушкан-талашкандар көп болгон эле. А бирок Балык жылында сен-мен болуп айтышпаса да, нааразы болгондор чыкты. Нукура кыргыз уулу Добр менен жубайы Жылдызай экөөнүн эки ажырымга түшүшү баарыбыз үчүн жагымсыз кабар болду.
Чыгармачылык жактан Сапар Эркебаевдин «Айжамал Кабылова менен таарынышып кеттик» деген сөздөрүнө капаланган Айжамал “Сапардын эркектик намысы пас экен” деп Москвадан байланышка чыкты. Ал макала чыгары менен Артык Саитов телефон чалып, “менин ырымды Сапар ырдабасын” деп салды. Буга Сапар унчукпады, кыязы, өздөрүнчө чечип алышты окшойт. Дайыр Исмадияров ырчы Кайыргүлдү “менин деңгээлимдеги кыз эмес” дей калып экөө да кер-мур айтышкан жайы бар.
“Президент жана бомж” тасмасынын жаратуучуларынын ортосун кара мышык аралап, аталган тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков менен режиссёру Ырыс Окенова айтыша кеткени эсиңиздедир. Бирок экөөнүн биргеликте жараткан эмгеги “Супер-Инфонун” версиясы боюнча “2012-жылдын супер тасмасы” деген наамга татып, пикир келишпестиктер эки жактын тил табышуусу менен аяктады.

КЫРСЫК АЙТПАЙ КЕЛЕТ
Жаз айында Мирлан Баеков менен Айнура Салахидинова Таласка баратканда жол кырсыгына учурап, Кудай сактаганын айтышкан эле. “Тамашоучу” Мурат Жалиевди тамадалык кылып жаткан жеринен сабап салышып, «милиция кызматкерлери мени коргобой эле, кордошту» деп айтканы бар. Андан көп өтпөй актёр Эркин Эгембердиев тартип сакчылары мас болуп алып жөн жерден сабап кетишкенин айтып кейип жүрдү. Добр да Беловодское айылынан жол кырсыгына туш болуп, бактыга жараша, өзү жаракат алган жок. Алпаруучу Нурзат Токтосунова бир унааны сүзүп алып, көп чыгашага учураганын айткан.
Ильяз Абдыразаковго продюсерлик кылып жүргөн Баяке Чааров 11-ноябрь күнү жол кырсыгынан каза тапты.

БАЙГЕГЕ МАРЫГАНДАР
КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева «Супер-Инфо» гезитинин версиясы боюнча «Заманыбыздын супер ырчысы», «Биз» тобу «Заманыбыздын супер тобу» деп табылса, КРнын Эл артисти Сардарбек Жумалиев «Бульварым» ырына «Керемет ыр үчүн» наамын алды. Каныкей үчүнчү ирет «Супер ырчы айым» аталып, Нурлан Насип «2012-жылдын супер ырчы мырзасы» наамына татыды. Дагы бир топ шоу, маданияттын өкүлдөрү «Супер-Инфо» тарабынан супер сыйлыктарга ээ болушту.
Назми Жаштар министрлигинин Ардак грамотасы менен, Чыңгыз Мырзаев жана Назира Кадыева “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланышты.
Бул жылы Дайыр Исмадияров эки, Кайыргүл менен Нурзат Токтосунова бир бөлмөлүү квартиранын ээси болушту.
Омар былтыр унаасын сүздүрүп алып катуу кейиген эле, Балык жылы ага көп ийгиликтер менен кошо Лексус RX 330 унаасын алып келди. Унаа демекчи, Гүлзинат Суранчиева да Тойота Камри үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болгон. Андан сырткары эл арасында «Дүрү-дүм» деген атка конгон Курал Чокоев менен комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу Эл аралык “Ысык-Көл” фестивалында Хонда Стрим автоунааларын жеңип алышкан. “Тамашоучулар” Мурат Жалиев өкүл атасы алып берген жана Самат Эркинбек уулу өзү алган Ниссан Марч үлгүсүндөгү унааны тээп жүрүшөт. Албетте, булардан тышкары өтүп бараткан жылда темир тулпарлуу болгондор же машинасын алмаштыргандар өтө эле көп болду.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Aida.1995
2012-12-31 09:34:01
2013-жылда да жакшылыктар коп болсун!
0
AtankulovaB
2012-12-31 12:08:42
Мирбек Атабековту калтырып коюпсуздарго мени суйуктуу ырчымды, баарына жаны жылда жалан жакшылыктарды каалаймын. 2012- жылда жетишпей калган максаттарына 2013 -жылда жетишерин каалап кетмекчимин.
+5
Nosi
2012-12-31 15:28:33
Мирбек Атабеков коп эле сыйлыктардын ээси болуп таанылып калган жылдыздардын бири.
+7
bopos
2013-01-01 14:56:57
Мирбек кечээ эле чыкты да,андан мурункулар айтылбай жаткандан кийин ага дагы коп иштеш керек го.
-1
aika_sv
2013-01-01 20:58:14
Кирип келген жылан жылы да жакшылыктарга бай жылдардан болсун, шоу-бизнес адамдары бизге жакшы чыгармаларын тартуулай беришсин!
0
ZarinaSM
2013-01-03 18:15:14
Мирбек иманбеков менен Бекчоронун балдары сооонун экен!ммм мага жакты))))
0
altinim
2013-01-04 10:50:52
ненанын жолдошу красавчик го бактылуу болушсун!
0
Rostov-on-Don
2013-01-04 22:33:18
Чынгыз уйлонгон беле мурда уйлонду деп чыкканда ишенген эмес болчум,шашылбай турбаптыр да 2012 супер сулуу Гузеля экоо пара болмок.
0
mirzaiym5.7
2013-01-06 04:06:00
Jakwy, jakwy... 2013 jyl dagy jalan gana jakwylyktardy alyp kelsin!!!
0
Mikosh88
2013-03-06 19:25:49
Жакшы бактылуу болгула
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан