20-декабрда Швейцариянын Ньон шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндары үчүн чүчү кулак ташталды. Ошентип, 8 тайпадан кийинки баскычка озуп чыккан 16 команда өз атаандаштарын тапты. Баарынан да Европада кадырлуу делген алп командалар бири-бири менен кез келип калганы кызык болду. Жыйынтыктын мындай чыкканына айрымдар УЕФАнын башкы катчысы Жанни Инфантинону айыпташууда. Анткени ал чүчү кулак таштоо аземинин алдында атайын даярдык көрүп жатканда “чыгармачылык” кылган дешүүдө. Эмнеси болсо да «Уэмбли» стадионунда өтүүчү финалга кимдин жетери кызык туудурууда. Анткени плей-офф оюндары финалдан кем эмес тирештерден турат.