Эрежесиз эр урушчу Александр Емельяненко (айтылуу Фёдордун иниси) рингден айдалды. Муну эрежесиз эр уруштун М-1 версиясына жооптуу “M-1 Global” системинин президенти Вадим Финкельштейн билдирди. «Мушкер биздин шартты бузду, демек, коштошуу мезгили да келди»,- деди ал. Ошентип, беш беттештин экөөсүндө жеңилген кенже Емельяненко “M-1” системин таштап кетүүгө мажбур болду. Эсиңиздерде болсо, анын агасы Фёдор Емельяненко да эки ирет катары менен жеңилгенде аталган систем андан баш тарткан. Билесиздерби, бул Саша үчүн акыркы 2 жыл ичинде жабылган экинчи эшик болуп калды. Дегеним, спортчу 2011-жылы соттун чечиминин негизинде аялы менен ажырашууга мажбур болгон. Кейиткени, ал андан мурун тоноочулук боюнча абакта жатып чыккан соң «жаңы жашоо баштайм» деп дал ушул үй-бүлө менен спортту тандаган эле. Натыйжада экөөнөн тең кол жууду.