22-декабрда чоң спорттук салтанатка күбө болдук. Борборубуздагы «Ала-Тоо» кинотеатрынын чоң залында футбол боюнча 2012-жылда Өлкө чемпиону аталган «Дордойдун» сыйлоо аземи болду. Салтанатта жалпы 2012-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, буга салымы бар кызматкерлер, футбол ишмерлери сыйлык алышса, командада жылдын мыктылары да аныкталды.
«Жылдын мыкты футболчусу» наамы Азамат Байматовго (1-сүрөттө) тапшырылды. Топ-Лигада (КРнын футбол боюнча Жогорку Лигасы) мыкты бомбардир болгон Каюмжан Шарипов (2-сүрөттө) «Жылдын мыкты чабуулчусу» аталды. Сезон ичинде бардык оюнда толук ойногону үчүн Даврон Аскаровго да кошумча сыйлык каралса, «Жылдын мыкты машыктыруучусу» наамы үчүн 15 талапкердин ортосунда күрөш жүргөнү айтылды. Добуштардын негизинде Владимир Садовский (академиянын 2000-жылы төрөлгөн тарбиялануучуларын машыктырат) бул наамды илип кетти. Кызыгы, анын тарбиялануучулары болгон 2000-жылкы балдардан турган команда да «Жылдын мыкты командасы» аталды.
Эске салсак, быйыл бишкектик «Дордой» Топ-Лиганын жыйынтыкталарына 6 тур калганда чемпиондукту камсыздап, тарыхындагы 8-чемпиондугуна жетти.