Жакында Бишкекте снукер боюнча алгачкы Өлкө чемпиондугу өттү. Снукер – эң жогорку татаалдыкты камтыган бильярд спортунун америкалык түрү. Бул спорт түрү боюнча федерация ушул 2012-жылы түптөлүп, алгачкы Өлкө чемпиондугу өттү. Мелдешке 19 кий чебери катышып, 2 күнгө созулду. Жыйынтыгында Ызатбек Раатбеков (сүрөттө) чемпиондук кубанычка балкыды. 2-орун Кубанычбек Сагындыковго буюрса, 3-орун эки кишиге: Айбек Акиев менен Сапар Алыкуловго ыйгарылды.