МАМЛЕКЕТТИН МЫКТЫ СПОРТЧУЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

24-декабрда КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги өтүп бараткан жылдын мыкты спортчуларын аныктады. Бул күнкү сыйлыктар спорттун улуттук, олимпиадалык, олимпиадалык эмес, түрлөрү менен алектенген спортчулар жана машыктыруучулар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар, калыстар жана түрдүү спорт түрлөрүнөн калыстар үчүн каралган.
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча «Жылдын мыкты спортчусу» наамы менен балбандар Арсен Эралиев, Атабек Азизбаев, Рустам Тейишев, Магомед Мусаев, веложарышчы Евгений Ваккер жана дзюдочу Болот Токтогоновдор сыйланышты. «Өлкөнүн мыкты машыктыруучусу» болуп грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданы машыктырып келген Эмил Алыкулов табылды. Ал эми спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча сыйлангандардын ичинен Ольга Ярославцева (армрестлинг), Алексей Федосеев (кикбоксинг), Валентина Шевченко (тай бокс), Канат Сыдыков (бильярд) сыяктуу спортчулардын ысымын көрүүгө болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан