Бактыгүл Бадыева: «МАШИНАМДЫ БИР АЗ ЭЛЕ КӨРБӨЙ КАЛСАМ САГЫНЫП КЕТЕМ»

– Бактыгүл, кычыраган кызыл машинага кожойке болуп калганыңа канча болду?
– Аз эле болду. Тагыраак айтканда, үч жумадай болуп калды.

– Чынын айтчы, кыялыңдагы машинага сени кайсы «крутой» жигит жеткирди?
– Бирөө алып берсе жакшы болбойт беле? Өзүм эле сатып алдым.

– Канчага сатып алдың?
– Беш миң долларга.

– Ырдап ушунча акча чогултканга аз убакыттын ичинде жетише алганыңа ишене албай турам.
– Кандай десем? Тойлорго барып ырдагандан чогулткан азыраак акчам бар болчу. Анан анын үстүнө апам кошту, эжем өз кошумчасын кошту. Ошентип, аны көпчүлүк болуп алдык.

– Негизи, сага машина сатып бере ала турган демөөр­чүлөрүң барбы?
– М-мм... Мүмкүн. Анткени, менин айланамда чыгармачылыгыма колдоо көрсөткөн жакшы адамдар бар.

– Машина айдаганды мурда эле билчү белең?
– Ооба, мен жаш кезимден эле машинага кызыкчумун. Машинанын алдыңкы салонуна отуруп алчу элем да, жөн отурбай кайсы буту менен эмнени басып жатат, баарын байкап отурчумун. Ошол кызыгуум менен машина айдаганды үйрө­нүп, он алты жашымда биринчи жолу рулга отургам. Бирок, жол эрежелерин жакшы билчү эмесмин. Ошондуктан, машина сатып алаардан мурда атайын жеке инструктор жалдап, ал өзүнүн машинасында үч-төрт күн мага жол эрежелерин үй­рөт­тү.

– Менчик машинаңа биринчи жолу отурганда өзүңдү кандай сездиң?
– Кыялымдагы машинага жеткенге аябай сүйүнүп, бир чети толкундандым. Ушунчалык сүйүн­­гөнүмдөн ачкыч колума тийээри менен эч бир документи жок туура эле Токмокко, апамдын жанына айдап кетип калдым. Ошондо Бишкектен чыга бериште алдымдан аппак ит өтүп кетти. "Жолум ачык болот экен" деп ичимден ойлоп койдум эле. Айткандай эле Токмокко жеткенче кадам сайын турган МАИчилердин бири да тоскон жок.

– МАИге али кармала элексиңби?
– Бир жолу гана кармалдым. Кафеден чыгып, курбуларым менен бара жатсам токтотуп калды. Түшүп, документтеримди көрсөт­сөм "Ичкен жоксуңбу?" деди эле, "Ичтим. Чай, сок, ак суу ичтим" десем "А-аа" деп коё берди. Баарынан таң калганым, документсиз жүргө­нүмдө тоспогону болду. Кармаса бир нерсени ойлоп табаармын деп шаар ичинде үч күн документсиз жүрө бергем.

– Машинаң менен эң алыс барганың кайсыл жак болду?
– Кочкорго, болгондо да тоонун түбүндөгү айылга таенеме барып келдим. Ашуудан да эч кооптонбой эле өзүм өтүп кеттим.

– Машинаңа кандай кам кө­рүп жатасың?
Машинамды аябай жакшы көрөм. Кир болсо болбосо деле күн сайын жуудура берем. Азыраак көрбөй калсам сагынып кетем. Жакында эле аэропорттун авто коюучу жайына токтотуп, өзүм Ошко учуп кеткем. Келип, самолёттон түшөө­рүм менен эле машинама жөнөдүм. Жанына жеткенде: "Сулуум менин, мени сагындыңбы? Мен сени сагындым..." деп эле өзүмчө сүйлө­нө бериптирмин. Ошол жерде турган балдар мени карап кү­лүп калышканда гана өзүмө келе түштүм.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
almazi
2009-11-09 19:40:23
uunan kut bolsun ...ozundun janyn bek bolsun ...
0
orosbek.kg
2012-10-31 01:16:09
Темир тулпарын кут болсун
0
orosbek.kg
2012-10-31 01:17:59
4 донголокторунун арасынан тынбай шамаал ото берсин
0
jolonali
2012-11-05 07:17:24
алган тулпарын кут болсун кудай насип кылсын дагы да максаттарына жете бел
0
№ 201, 8-14-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан