ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ(31-декабрдан 6-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башы жаңы иштерди баштоого ыңгайлуу. Көптөн берки аткарылбай келген ой-тилектериңизди орундатууга мезгил келди. Үй-бүлөдө улуу муундар менен бир аз түшүнбөстүктөр жаралышы ыктымал. Ден соолугу начарлагандар сакаюу жолуна түшөт. Жакындарыңыз менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, дем алыш күндөрү үйдө болуу сунушталат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башында чечилбей келген көйгөйлөрдү чечүүгө жакшы шарт түзүлүшү күтүлүүдө. Учурдан пайдаланып керектүү адамдар менен туура мамиле түзө алсаңыз, келечегиңизди жакшы жакка өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Жеке жашоодо өзгөрүү күтүлбөйт. Апта соңунда досторуңуз тараптан кечеге чакыруу түшүшү ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чыгармачыл адамдарга илхам келип, жаңы иштердин башаты ачылат. Каржы иштерине байланышкан документ толтурууда этияттабасаңыз, катачылык кетүү коркунучу бар. Сүйүшкөндөр жагымдуу окуяга кабылышат. Аллергия, тубаса өпкө оорусу барлар дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп коюшу зарыл.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын башы бир калыпта өтмөкчү. Сапарга чыга тургандар алдын ала унааларын текшерүүдөн өткөрүүсү керек. Айрым бөйөндөр дал ушул аптада түбөлүктүү жары менен жолугушушу мүмкүн. Жекшембиде жеген тамагыңызды ылгабасаңыз, ден соолугуңузга залакасы тийиши ыктымал.

 

АРСТАН (23.07-23.08)
Көпчүлүк арстандар аптаны жакындарынын жанында өткөрүшөт. Күтүүсүз белектер, жагымдуу окуялардын болушу ыктымал. Алыскы туугандар тарабынан жаңы жумуш туурасында сунуш түшүшү мүмкүн. Жеке жашоодо мамилелер туруктуу. Аптанын аягында сапарга чыгышыңыз күтүлөт.

 

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кооптуу иштерди баштоодон баш тартканыңыз оң. Айланаңыздагы адамдарда жагымсыз көрүнүш күтүлүп, сизге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Шаршембиде капчык жааты жакшырып, үйүңүзгө жаңы буюм сатып аласыз. Музыка угуу, китеп окуу менен жан дүйнөңүзгө ырахат тартуулайсыз. Аптанын аягында алыстан келген жагымдуу кабар кубандырат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул аптаны эс алууга жана ден соолукту чыңдоого жумшаганыңыз туура. Жакындарыңыз тараптан жагымдуу белек алышыңыз күтүлөт. Жеке жашооңузда олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Өз маалында кам көрбөсөңүз, дартыңыз өнөкөткө айланып кетиши ыктымал. Достор менен көңүлдүү эс алууга жума, ишемби күндөр ылайык.

 

ЧАЯН (24.10-22.11)
Кыйынчылыктар менен коштолгон апта түпөйүлгө салат. Бул жагдайдан токтоолук жана амалкөйлүктүн жардамы менен тез эле арылууга болот. Жума күнү күтүүсүз жолугушууларга кабылып, жаңы дос табасыз. Жаңы таанышкан адамыңыз жакынкы аралыкта сүйүктүүңүзгө айланышы да мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта жаңы буюмдарды сатып алууга ыңгайлуу. Жылан жылынын башы кирешелүү болуп, кошумча каражат булагы табылышы мүмкүн. Түгөйү жоктор сүйүү сезимдерине кабылышат. Шейшембиде үй-бүлө арасында кызганычтын айынан түшүнбөстүктөр келип чыгышы ыктымал. Апта жагымдуу кече менен жыйынтыкталмакчы.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Баштаган ишиңизди аягына чейин бүтүргөнгө шашылыңыз. Жалкоолуктун кесепетинен ийгилик кушун кармай албай калышыңыз мүмкүн. Каржы жаатында кирешелер күтүлөт. Ашыкча чыгымдан абайлабасаңыз, карыз сурап калышыңыз турган кеп. Ишембиде сүйүктүүңүз тараптан белек алышыңыз мүмкүн.

 

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дүйшөмбүдө үйдөн тышкаркы иштер көп убактыңызды алат. Ишиңиз илгерилеп, көзгө көрүнө турган мезгил. Бут тосууларга убакыт, энергия короткуча жаңы идеяларды ишке ашырууга шашылыңыз. Алыс жактагы жакын адамыңыз тууралуу кабар угасыз. Достор арасында көңүл калуулар болушу мүмкүн. Аптанын аягын сүйүктүүңүзгө арноо менен түшүнбөстүктөрдүн алдын аласыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кайым айтышуудан алыс болом десеңиз, карыздарыңыздан кутулганыңыз туура. Капчыктын бөксөргөнүнө көңүлүңүздү чөгөрбөңүз. Бул маселе жакын адамдарыңыздын колдоосу менен чечилет. Сапарга чыга тургандар документтерине так болушу сунушталат. Сүйүү жаатында жагымдуу окуяларга кабылышыңыз ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан