Быйылкы жылдын Аяз ата, Аяз кызы – «Жылдын супер актёру менен актрисасы» Аскат Сулайманов жана Марал Койчукараева болушту. Тасмада мыкты роль жаратып «супер актёр, актриса» аталууга жетишкен каармандарыбыз менен кыргыз киносунун абалы, өтүп бараткан жылдагы жетишкендиктери тууралуу кызуу маектештик.
– Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен! Майрамда кимден белек күтөсүздөр же, тескерисинче, бирөөгө белек камдап жаткан чыгарсыздар?
Марал: – Менде 31-декабрдан 10-январга чейин сессия. Андыктан сынактарды ийгиликтүү тапшырып алсам, ошол мен үчүн чоң белек болот эле. Бирок машина, бриллиант белек кылчулар болсо баш тартпайм (күлүп).
Аскат: – Мен белек күткөн деле жокмун. Үй-бүлөнүн тапкычы, Аяз атасы мен болсом каякта?! Маралдай сулуу кыз болсом, күйөрман жигиттерден күтмөкмүн, тескерисинче, күйөрмандарым менден белек күтсө керек.
– Бала кезде Аяз атага ишенчү белеңиздер?
М.: – Ооба, мен ишенчүмүн, 1-класска чейин. Ата-энем бизди Аяз атага ишендиргенге аябай аракет кылышар эле. Бирок кийин Аяз ата кадимки эле адам экенин билип калгам. Анан ишенбесем деле ата-энеме ишенгендей түр көрсөтүп жүрдүм. Негизи, бул майрам адамдын жан дүйнөсүн тазалайт, үмүттөндүрөт.
А.: – Мен да ишенчүмүн кичине кезимде, бир күнү Жаңы жылда костюмдарымды кийип, даярданып алып көчөгө чыксам, Аяз ата бир киши менен мушташып жатыптыр. Аяз атага жардам берейин деп жанына барсам, бизден эки көчө өйдө жашаган байке экен. Ошондон кийин Аяз атага болгон ишенимим сууп калган.
– Өтүп бараткан жыл кандай окуялар менен эсте калды?
М.: – Бул жылы биз тасманын бет ачарын абдан күттүк. Тасма жарыкка чыгып, коомчулук арасында ажиотаж жаратты. Сочиге барып келдим. Москвада апамдын жанында көп убакыт өткөргөнгө мүмкүнчүлүк болду. Быйыл окуум да башталды, анткени былтыр тасма тартуу иштеринен улам окуум үзгүлтүккө учураган болчу. Анан жылдын аягында минтип «Супер актриса» аталдым.
А.: – Бул жыл мен үчүн да жемиштүү болду. Эрнест Абдыжапаровдун «Киностан» фестивалында «Жылдын актёру», «Президент жана бомж» тасмасындагы ролум үчүн силердин гезит тарабынан «Супер актёр» деп табылдым. Бир жылда эки сыйлык алыш оңой эмес болуш керек, эмгегимди баалагандарга ыраазымын.
– Кыргызстанда кайсы режиссёрдун эмгегин баалайсыздар жана ким менен иштешкиңиздер келет?
А.: – Бизде профессионалдар көп эле. Мисалы, Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров, Садык Шер-Нияз, Артык Сүйүндүков, санасаң дагы толтура. Чынын айтыш керек, мени киноактёр кылган Эрнест байкенин «Айыл өкмөтү» фильми болду. Бирок ошол фильмден кийин элдин баары «эй, участковый» дей берип, бир ролго байланып калбаймбы деп абдан корккон элем. Мына, Шурикти ойногон актёр өмүр бою Шурик болуп жүрүп өлдү. Айтышат экен, «Гайдай аны жаратып, Гайдай өлтүрдү» деп. Мен да 10 жылдай «участковый» атка конуп жүрбөдүмбү. Эми болсо «эй, баягы миллиондорду уурдаткан сенсиңби?» деп сурай башташты.
М.: – Мен да бир ролго байлангандан корком. Азыр жаш режиссёрлордон сунуш түшүп калат. Өзүм окууну жаңы бүткөн, башталгыч режиссёрлорго колдоо көрсөтүү иретинде тартылгым келет. Режиссёрлорду ылгабайм, мен үчүн баарынан тартып жаткан материал маанилүү, эң башкысы, тасма сапаттуу болсо болду. Курманжан датканын ролун ойноону кыялданчумун, бирок келбетим ал инсанга окшош эмес болчу. Курманжан датканын ролун ойноо ар бир актриса үчүн чоң сыймык болуш керек.
– Аскат байке, кээде жаш режиссёрлор суранса көңүлүн кыя албай роль ойноп берип койгон учурларыңыз болгонбу?
– Ооба, эгер таланттуу болсо, эмнеге болбосун? Мисалы, «Манас» университетинде окуган, кесиби боюнча режиссёр Арген Кеңеш деген жигиттин дипломдук ишине тартылгам. «Байпак» деген аталыштагы кыска метраждуу тасма болчу. Бул эмгек Орусиянын бир нече шаарларында коюлду, эл абдан жакшы кабыл алды. Бизде деле жаңылык киргизүүгө умтулган жаш режиссёрлор көп, аларга колдоо гана керек.
– Жараткан ролуңарга сындар да айтылып жүрдү эле...
А.: – Албетте, эми «Ээнсиреген үйгө» айтылгандай сындар жааган эмес (күлүп), бирок болгон. «Кыргыз милициясын уят кылып...» деген сөздөрдү тойдо жүргөндө угуп калгам. Бирок милициялар өздөрү «азамат! Эркекчилик ал, не?!» деп жубатып коюшкан.
М.: – Мисалы, мени адам катары жектеши мүмкүн, бирок «актрисалык оюнуң мыкты болуптур» деп улуу муундагы агайлар айтышкан. Мына ошолордун айткан сыны мен үчүн сын.
– Бири-бириңердин актёрдук дареметиңерге кандай баа бересиздер?
А.: – Марал актёрдук билими жок туруп ушундай деңгээлде ойногонуна ыраазы болдум. Маралдын ордунда болсом сүйүнмөкмүн, эл унутпай, дале сөз болуп жүргөнүмө. Унутулуп, тээ четте калгандан көрө жакшы да. Мага да ушундай роль сунушташкан, «Жаңы жыл күнү аянтта машинанын ичинде өнөктөш актриса менен жылаңач жатасыңар, биз терезенин сыртынан гана тартабыз» деп. «Титаник» фильминде бар эмеспи, ошол сыяктуу кылабыз дешкен. Бирок мен дароо «жок» деп баш тарткам. Ставканы көтөрүштү 50 миң долларга чейин, мен «100 миң доллар берсеңер да жок» дедим. Ошондо «Аскат?» деп суроолуу карап, түшүнбөгөн бойдон башын чайкап өз жолуна түшүшкөн.
М.: – Аскат байкедей профессионал актёрду мен кантип сындамак элем? Өзүм келечекте эл эсинде калган, мыкты ролдорду жараткым келет. Айта кетсем, «Ээнсиреген үйдөгү» Султандын ролуна башында Аскат байке талапкер катары каралып жаткан, бирок өнөктөшүм Болот Тентимишов болуп калды. Кастингден Аскат байкени карап «ушул кишини кайсы жерден көрдүм эле?» деп ойлонуп, кийин эстебедимби.
А.: – Койчу, ошондо сен белең?
М.: – Ооба (күлүп).
– Гонорардын баасын өзүңүздөр коёсуздарбы же режиссёрбу?
М.: – Бул жаатта менин тажрыйбам жок. Аскат байке профессионал катары жакшы билсе керек...
А.: – Мен биринчи сценарийди окуп чыгам, ошого жараша баа чечилет. Чет өлкөлүктөр, негизи, жакшы төлөп беришет. Жакында «Тенгри» аттуу француз айым тарткан фильмге тартылдым, жакшы төлөштү, «Ысык-Көл бешбармагы» аттуу орустар тарткан фильмдин жаратуучулары да жакшы төлөшкөн. Ал эми кыргыз фильмдеринен эң көп гонорар алганым «Президент жана бомж» тасмасы болду.
– Учурдагы кыргыз киносунун абалы сиздерди канааттандырабы?
А.: – Мен бая күнү уктум, Кыргызстанда жылына 50дөн ашык кино тартылат деп. Индияда жылына 1500 кино тартылат экен. Бирок Индияда эмне деген гана киностудиялары бар. Ал эми бизде «Кыргыз киносу» тартса жылына 5 кино тартса керек. Калгандары бүт менчик киностудиялар же көчөдөн келгендер эле тартып жатышпайбы. Бирок тартыла берсин, банкрот болуп акчасы күйгөндө өздөрү эле тартпай калышат.
М.: – Ооба, жакшылар өздөрү эле иргелип калат.
– Эгер кинонун сценарийине көңүлүңүздөр чыкпай жатса, дароо баш тартасыздарбы же акчасына карайсыздарбы?
М.: – Жок, эгер жакпаса дароо эле жолуңа түш дейм. «Ээнсиреген үйдөгү» ролумдан кийин бир топ режиссёрлор «роль ойноп бер» деп сунуш кылышкан, бирок тартуу иштери менин окуума жолтоо болгондуктан, баарынан баш тартып жатам.
А.: – Кайсы тасма экенин айтпай эле коёюн, бирок мен бир киного тартылып алып, туугандарымдан аябай тил уккан жайым бар. Ошол киного такыр тартылгым келбей, канча качып жүрдүм. Болбой эле үйүмө чейин келип, ортого тааныш-билиштерди салып жатты. Акырында «менин ставкам жогору, ага чыдабайсың» деп да айтып көрдүм. «Чыдайбыз» деп жабышып туруп алды. Айла жок тартылып бердим. Бирок жыйынтыгын көрүп, «тартылбай эле койбой» дедим. Кинодо же бир берейин деген ой жок, өзүм да көңүлсүз ойногондуктан, жарнамага тартылгандай эле ойноп коюпмун.
– Аяз ата менен Аяз кыз Жаңы жылда биздин окурмандарга эмне каалайт?
А.: – Ден соолугубуз чың, тынчтыкта, аманчылыкта жана ынтымакта бололу!
М.: – Ушул жылы өлкөбүз жакшылыктардын ордосу болсун!
– Маегиңиздерге чоң рахмат!
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg