ИЧИМДИК ЖАНА ЗАКУСКЕ

Жаңы жылда ар бир үйдө каалоо-тилектер айтылып, тосттор көтөрүлөт. Албетте, көпчүлүк майрам, тойлор ичкиликсиз, ал эми ичкилик закускесиз тамактан өтпөйт. Бүгүн биз кайсы спирт ичимдигине кандай закуске бап келери тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Эскертүү! Бул макала арак-шараптын түрүн жарнамалоо эмес, маалымат иретинде гана берилди.

КЫЗЫЛ ШАРАП
Шараптын кызыл түрүнө коркпой эле кой, уй этинен жасалган ачуу жана майлуу даамдарды, шишкебек, колбаса жана жашылчаларды закуске катары берүүгө болот. Куш эттеринен даярдалган даамдар, туздалган жана ачытылган жашылчалар, уксус кошулган салаттар бул ичимдик менен анча айкалыша бербейт.

КОНЬЯК
Бул ичимдик француз элине таандык. Алар коньякты кофе ичкенден кийин ичүүнү сунушташат. Анан да бул ичимдикке лимон же сырдын катуу түрүнөн закуске кылышат. Мындай закуске орус падышасы Николай IIнин урматына «Николашка» деп аталып калган. Коньякты жакшы көргөн падыша дайыма лимондун кесимине бар аз кумшекердин же кофенин күкүмүнөн сээп закуске кылчу экен. Ошондой эле коньякты муздак ичүү туура эмес деп эсептелинет. Ичердин алдында ичимдик куюлган рюмканы алаканга ысытып алуу туура.

ШАМПАН
Бизде ичимдиктердин ханышасы аталган шампанга көбүнчө шоколад закуске катары берилет эмеспи. Европада мындай закуске туура эмес деп эсептелинет. Негизинен, ичимдиктин бул түрүнө кара, кызыл икра, деңиз азыктары, балык, куш эттери, мөмө-жемиштер, балмуздак, куурулган бадам жана фундук алмашкыс закуске болуп бере алат. Шампанды өтө туздуу, өтө ачуу жана сарымсак кошулган даамдар менен берүүгө болбойт.

АРАК
Аракты закускесиз ичүү – организмди 100 пайыз ууландыруу. Орус элинин улуттук ичимдиги болуп саналган арак өзгөчө закускени деле талап кылбайт. Ага эттен жасалган даамдар, килкилдек, туздалган сельдь балыгы, куйрук, чучук, кара, кызыл икралар, туздалган жашылчалар эң мыкты закуске болуп бере алат.

АК ШАРАП
Ак шарапка деңиз азыктары, балыктын ар кандай түрлөрү (сельдден башкасы), ышталган же куурулган куш эттери жана мөмө-жемиштер жарайт. Эгер бул шарапты десертке бере турган болсоңуз, анда мөмө-жемиштерди, шоколад, печенье жана балмуздакты закуске катары сунсаңыз болот.

СЫРА
Сыра – тамактан тез жана жеңил өтүүчү ичимдик болуп эсептелет. Буга таттуу азыктардан башкасынын баарын закуске кылса болот. Өзгөчө туздалган азыктар, жер жаңгак, мисте, балык, курут жана башкалар.

ТЕКИЛА ЖАНА ВИСКИ
Мексикалыктардын улуттук ичимдиги болуп саналган текила салттуу түрдө мындай ичилет: Бокалдын кырына же колго туздан себелеп, аны жалагандан соң ичимдикти ичишет. Артынан закуске катары лимондун же лаймдын кесимин жешет. Айрымдар апельсинди да закуске катары колдонуп келишет.
Ал эми вискиге Шотландияда бир аз суу жана аш содасын кошуп ичишсе, Ирландияда нак өзүн ичип, артынан ышталган балык, жапайы куштардын этинен жасалган даамдарды жешет. Кээде «Кока-Кола» кошуп ичкендер да бар.

КАНТИП БАШ ЖАЗУУ КЕРЕК?
«Той болор, тойдун эртеси да болор» демекчи, арабызда «кечээги ичкен арагым, өңүмдү бузду, карагын. Башым ооруп зыңылдайт, эми пахмелди кайдан табамын? Башым ий, башым» дегендер да жок эмес. Эмесе, аларга кеңеш.
Ичкендин эртеси неге баш ооруйт? Баш ооруганынын себеби, организмде белгилүү өлчөмдө суюктук болот. Спирт ошол суюктуктарды айдап чыгып, ордуна туруп калат да, денеге тарап кетет. Ичкен адамдын эртеси каны катып, суусаганы ошондон. Андыктан мындай учурда заара айдоочу дары-дармектерди колдонсо өт, бөйрөк аркылуу спирт ичимдиги сыртка чыгат.

Ичкен күндүн эртеси 100 грамм арак ичип баш жазуудан качыңыз. Андан көрө эртең менен карагат же чычырканактын кыямын кошуп 3-4 чыны чай ичүү, кошулмасы жок нак шире же калемпир-мурчу ачуу салынган шорпо ичиңиз. Булар денеге тараган спиртти айдап чыгат.

Организмдеги ичимдиктин залалдарынан кутулууда сүт азыктары да пайдалуу. Өзгөчө сүзмө, айран жана чалап.

Баш жазууга мончо буусунун да пайдасы бар экенин айта кетсек болот. Анткени буунун жардамы менен денедеги уулуу заттар тер аркылуу сыртка чыгат.

Ичимдик ичкен күндүн эртеси чуркоо туура эмес. Ичкенде кан коюлат. Чуркаганда кандын коюуланышы жогорулайт. Чуркоо менен адам биротоло боорун талкалап алышы мүмкүн. Ошондой эле кычкылтектин жетишпестигинен жүрөк ишемияга учурайт. Миокард инфаркттына кабылып калышы мүмкүн. Чуркоо мээге да зыян келтирет. Адамдын мээсинин 70-80 пайызы суюктуктан турат. Суюктугун жоготкон кезде мээ клеткалары кысылат.

Алкоголдук ичимдиктерди ачкарын ичүүгө болбойт. Алдынан сөзсүз майлуу тамак, чийки жумуртка же 1-2 кашык өсүмдүк майынан ичип же сары майдан жеп алуу туура. Күчтүү ичимдиктин түрлөрүн бири-бири менен аралаштырып ичүүгө болбойт.

Ичимдик менен чогуу тамеки тартуу бат мас болууга алып келет.


Күчтүү спирт ичимдиктерин газдалган жана таттуу суусундуктар менен ичүүгө болбойт.

Эскертүү! Ичимдиктин кандай түрү болбосун өлчөмүнөн көп ичүү ден соолукка зыян!

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кайсы ичимдикке кандай закуске туура келет?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
parus.kg
2013-01-01 17:37:20
эн сонун кенеш рахмат супер инфо!
0
bambucha
2013-01-04 00:22:05
Айланайын бай болгурлар мындай нерсени пропаганда кылбай эле коюшунарды өтүнт элем. Мусулман адам шайтандын ичимдигин ичпейт го.
+1
zhorobekt
2013-01-04 12:41:49
Бул пропоганда эмес, ичпей койгон эн туура, ал эми жогоруда ичимдик тууралуу кенеш ден соолугунду талкалабай ич,акчанды талкаласан ДА.
0
kurguz...
2013-01-05 13:22:42
Ушунан корок кайсы спортко кандай жол м-н ийгилке жеткенди жазбайбысынарбъ!
+1
k-2
2013-01-05 23:07:15
Ичээрден алдын сары май жутуп алсан масда болбойсун эртеси баш дагы оорубайт (пахмел издебейсин)
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан