Таене, убагында жаш болуп, көп нерсени баамдабапмын. Эми гана баарын билип, кайгырып отурам. Көрсө, түрмөгө камалып, анан жаманаттыдан качып алыста жашап калганыңызга, көзүңүз өтөрдө да жаныңызда эч кимдин болбогонуна сиз күнөөлүү эмес экенсиз...
– Таенем мартта 80ге чыгып каза болду. Бул кошунасынын мага жиберген телеграммасынан улам маалым болду. Ошентип, таенем жашаган алыскы айылдардын бирине бардым. Коңшулары зыйнатын кылып, акыркы сапарга узатышыптыр. Лейли аттуу кошуна апа мага чоң суммадагы акчаны карматты. Көрсө, бул апам, кийинчерээк мен таенеме салган акчалар экен. Таенем ал акчаларды пайдаланбай эле чогултуп жүргөн тура. Көзү өтөрүндө гана Лейли апаны чакырып: «Өлсөм көмгөнгө канча акча керектелсе, ошончону алып, калганын жээним келсе бер»,- деп дайындаптыр.
Кичинемде апамдан таенем дүкөндө иштеп жүрүп, текшерүүдө чоң суммадагы акча жетпей калып, түрмөгө камалып кеткенин уккан элем. Кийин бошонуп чыккандан соң кызы менен күйөө баласын жаманатты кылгысы келбей алыскы айылдардын бириндеги тууганын пааналап, ошол жакта жашап калганын билем.
Мен таенемди 2-3 гана жолу айылга апам менен кошо барганда көргөм. Ошол кичине кезимде апамдан “таенемди үйгө апкелип албайлыбы” деп сурасам: “Таенең түрмөдө отурган” деген кепти уккандан уялабыз. Өзү деле бул жерде жашагандан тартынат. Андыктан алыста эле жашаганы оң. Кийин убакыт өтсө, көрө жатарбыз...”,- деп койгону али эсимде.
Кийин атам менен апам Орусияга иштеп кетишип, ошол жакта жашап калышты. Таенемди бизге апкелген эч ким болбоду. Өзүм мектепти Орусиядан бүтүп, Бишкекте жогорку окуу жайында окуп, окуумду бүткөн соң иштеп жүрдүм. Үйдөгүлөр таенемди эстегенде гана акча жиберип койгонубуз болбосо, баарыбыз “барып бир көрүп коюш керек эле, жол да абдан алыс...” деп жүрүп убакытты өткөзө бердик. Акыры минтип тирүүсүндө келбеген жаным көзү өткөн соң келип турам (апам менен атам узак жолдун азабынан эмки аптада келишмек болушкан).
Таенем турган үйдүн абалын көргөн соң анын ушунчалык кедей жашаганына таң калдым. Чайнек жок болгондуктан, чайды кастрюлга кайнатып иччү экен. Болгон 2-3 чынынын четтери кетик, 5 тарелканын экөөсүнүн ортосунан жарака кеткен...Төшөнчүлөрү да эски. Ушундай жашоодо жашап жатса да биз жиберген акчаларды пайдаланбаптыр. Бизге деп сактап жүрүптүр.
Лейли апа: “Таенең мойнуна түшкөн акчаларды үйбүлөсү үчүн короткон. Акчаны кызы да, күйөө баласы да пайдаланган. Кийин камалып кеткен соң экөөнө таенеңдин кереги жок болуп калган. Таенең болсо силерди качан келет деп жол карап жүрүп көз майы короп бүттү. Силерди оозунан түшүрчү эмес. Өзгөчө жээним келсе деп сенин кичинеңдеги кылыктарыңды айтып түгөтө алчу эмес”,- дегенде гана мага баары түшүнүктүү болду. Түшүндүм да кирерге жер таппай турдум. “Таенем ооруган беле?” деп сурасам Лейли апа: “Жалгыздык – эң жаман оору”,- деп жооп берди.
Таенемдин кичинемде эркелетип, маңдайымдан сылап, артына көтөргөндөрүн эстеп, арбагы алдында кечирим сурап ыйлап жаттым. Аттиң, бирок кеч эле...
«Моокум кана эркелете албадым...»
Дал ошол күнү наристем мени таштап, бөлөк дүйнөгө учуп кете берди. Аттиң, моокумуң кандырып эркелете, жаның кыйналганда жаныңда болуп, маңдайыңдан сылай албай калдым. Кечир апаңды, көпөлөгүм...
– Кызым төрөлгөндөн кийин күйөөм бирөөнүн үйүнө кирип жашап алып, кызы экөөбүздү таштап кете берди. Наристемди боорума кысып, шаарга келип, аны келишим менен балдар үйүнө убактылуу тапшырдым. Өзүм Казакстанга иштегени кеттим. Ал жакта кызымды эстеп, көзүмдөн жашым куюлса да, убак-убагы менен келгенге мүмкүнчүлүгүм болбоду. Буйрук болуп келип калганымда кызым экөөбүз чырмалышып, эркелеп-эркелетип моокумубуз канчу эмес. Үстүн жаңыртып, кем-карчын толуктаган соң эле кайра Казакстанга кайтууга туура келчү. Болбосо, кызым экөөбүздү ким багып, ким каралашмак?
Кетип жатканымда кызым: “Апа, мени таштап кетпечи. Алып кетчи”,- деп жабышып чырылдап калчу. Ансайын муунум бошоп, шуу үшкүрүп, бажырайган көзүнөн өөп-өөп алып, анан эптеп алаксытып жолго түшчү элем. Ошол акыркы ирет кетишимде негедир кызыма абдан айланчыктап, кетким келбей кыйылдым. Көрсө, жүрөк сезген окшобойбу. Ошол бойдон кызымды тирүү көрбөй калдым.
“Кызыңдын абалы жаман” деп тарбиячылары чакыргандан шашып келсем, кызым ооруканада экен. Барсам врачтар унчукпай бир палатага киргизишти. Кызым сыз, караңгы тарткан кичине бөлмөдө жалгыз жатыптыр. Эңкейсем уктап жаткандай көрүндү. Бирок кучактасам денеси муздак экен. Коркуп кетип артымдагы врачты карасам: “Кайрат кыл. Кызың катуу оорудан мындан бир аз мурун каза болду. Апасы келе жатат дегенинен өлүкканага чыгарып кете элек”,- дебеспи. Суук сөздөн денем катып, ишенбей кызымды жулкулдатып: “Ойгон кызым, мен келдим”,- деп чырылдай бердим. Бирок ал ойгонбоду...
Эгер кызымды таштап кетпеген болсом, ооруса да айыгып кетмек. А мен көр оокат деп аны таштап... Жаны кыйналганда жанында болуп, колума алып алдейлеген жокмун, боорума кысып, демим менен жылыткан жокмун... Эне болуп ажалдан арачалап алып кала алган жокмун.
Кечир мени, наристем!
Канымжан Усупбекова
lira@super.kg