Данияр Нарымбаев,Президенттик аппараттын жетекчиси:«ТУРМУШ МЕНИ ЭРКЕЛЕТИП ЖИБЕРБЕДИ...»

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Өнүктүрүү боюнча жол картаны жарыялоодо «чымын эмес, аары болууга убакыт жетти» деген эле. Адегенде бул сөз президент менен тыгыз иштешкен кызматкерлерге тиет эмеспи, андыктан биздин Данияр мырза менен болгон маегибиз ушул суроодон башталды.

  • Данияр Ильич Нарымбаев 1959-жылдын 15-июнунда Фрунзе шаарында төрөлгөн.
  • Жогорку билимдүү. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
  • Иш тажрыйбасын Ички иштер министрлигинин инспектору катары баштап, укук коргоо органдарынын түрдүү тепкичтерин басып өткөн.
  • 1995-2002-жылдары – Жогорку арбитраждык соттун төрагасы.
  • 2002-жылы – Адилет министри.
  • 2005-2006-жылдары – Президенттин ЖКдагы өкүлү.
  • 2010-2012-жылдары – Өкмөттүн ЖКдагы өкүлү, президенттин ЖКдагы өкүлү.
  • 2012-жылдын 19-октябрынан бери Президенттик аппараттын жетекчиси.

«БИЗДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН АР БИРИ «ААРЫ»
– Президент Алмазбек Атамбаев Өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун алып чыкканда, аары менен чымын жөнүндө насыят айтып берген. «Аары гүл издейт, гүлгө конот. Чымындар болсо чириген нерсени издейт жана ошону гана көрүү менен чектелип калган. Биздин өлкө азыр аарыларга муктаж, анткени чымындар ансыз деле көп»,- деген эле Алмазбек мырза.
Бүгүнкү жол картанын өзгөчөлүгү эмнеде? Анын учурда эл сыноосуна салынгандыгы, ар бир жараныбыздын ага өз өзгөртүү-толуктоосун киргизе алары өзгөчөлүк болуп саналат. Эгерде жылдын аягына чейин жол карта кабыл алынып калса, быйылкы жылдын чоң жыйынтыгы болмок.
Биздин аппараттын кызматкерлерине келсек, баары эле «аары». Алардын ар бири аарыдай эле иштешет. Бир сөздү айтып жатканда да жамандыгын эмес, жакшысын ойлонууга, образдуу айтканда, таштандыны эмес, гүлдү көрүүгө, позитивдүү болууга көнүшкөн.

«ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ДАСТОРКОНГО АЯНБАЙБЫЗ»
– Кичинемден Жаңы жыл зарыгып күткөн майрам катары эсте калган. Балаты орнотуу, ага оюнчуктарды абайлап илүүнү өзүнчө чоң иш деп билчүбүз. Эл катары дасторкондо «Оливье» менен «Тон жамынган сельдь балыгы», мандарин, шампан болот. Дасторконго аянбайбыз. Бул майрамдын эң жаккан мүнөттөрүнүн бири – неберелеримдин белекти ачуу убактысы. Алар ушундай бир толкундануу, сүйүнүү менен ачып жатканын көрүп, аны канчалык кымбат баага алганыңды унута түшүп, аларды жыргап карап отуруп каласың. Неберелерим төртөө, улуу эки кызымдын экиден балдары бар. Кичүү уулум болсо мектеп окуучусу.

«ТИЛЧИЛЕРДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨН БОЛОМ»
– Мен төрөлгөндө ата-энем Фрунзеде окушчу экен. Дипломун алышкандан кийин атам орус тил жана адабият мугалими, апам кыргыз тил жана адабият мугалими болуп иштеди. 9 жашымда атам кырсыкка кабылып, кайтыш болуп кетти. Ошондо төрт кичинекей баласы менен калган апам Нарындагы төркүнүнө барат.
«Эмне үчүн Ильич?» дегенге келсек, чоң энемдин төрөтүн кабыл алган орус улутундагы акушер аял чоң атамдан уулун – менин атамды Илья деп аташын сураныптыр. Көрсө, анын Илья деген уулу согушта курман болгон экен. Ошентип, атам Илья болуп калып, мен төрөлгөндө метрикама Ильич деп жаздыртышкан.
Төрт бир тууганмын, эки карындашым орус тил жана адабият мугалимдери, иним болсо ишкердик менен алектенет.

«МИЛИЦИЯ МЕКТЕБИНЕ ӨТПӨЙ КАЛДЫМ»
– Орто мектепти Нарындан бүтүп, Казакстандын Караганда шаарындагы милиция мектебине тапшырып, өтпөй калдым. Кичинемден китеп окууну, айрыкча детектив чыгармаларды жакшы көрчүмүн. Ошолор таасир кылдыбы, прокурор, сот же тергөөчү болсом дечүмүн. Кийин өзүбүздүн университеттин юридикалык бөлүмүнө тапшырдым. Аны аяктагандан кийин ички иштер органындагы тергөө кызматына жөнөтүштү. Бул тармакта жети жылдай эмгектендим. 1989-жылы өкмөткө чакырып калышты, ошол учурда Аракечтик менен күрөшүү комиссиясы бар эле, анда бир жыл иштедим.
Мындан ары Министрлер кеңешинин юридикалык бөлүмүнө иштеп бер дешти. Ага да макул болдум, бир шарт менен. Ал жерге жумушка баргандарга үй берилчү эле. Бул аралыкта Союз урап, эгемендүүлүккө ээ болуп, туңгуч президентти шайладык. Иштеп жаткан жеримден эки кызматкерди Президенттик аппаратка сунушташып, анын бири катары жаңы мамлекет башчынын кол алдына бардым. Ушул кызматка аябай толкундануу, чоң кызыгуу менен келгеним эсимде.

«БАШ МЫЙЗАМДЫН АР БИРИНЕ КАТЫШКАН ЭМЕСМИН»
– Ошентип, Аскар Акаевич менен өтө тыгыз иштешип калдым. Кээде күнүнө беш-алты жолу анын кабинетине кирип чыкчумун. Төрт жыл иштегенден кийин президент мага «Жогорку арбитраждык сот реформага муктаж болуп турат, ошол жакка барып иштеп бер» деп калды. Чоң кызматтын жоопкерчилигинен, сот болуп иштеп көрбөгөндүктөн, балким, коркуу сезими да орун алгандыр, «ал колумдан келбейт» деп оозумдан чыгып кеткен. Бирок ал киши мага чоң ишеним көрсөттү.
2002-жылы президент дагы чакырып: «Конституциялык реформа баштаганы жатабыз. Менин кетейин деген оюм бар, жакшы эле иштедим, бирок ага чейин Баш мыйзамды оңдойлу»,- деди. Анын ою боюнча, президенттик укуктарды парламент менен теңөө керек болчу. Ал мени Адилет министри кылып дайындады. Конституциялык кеңешме түзүлүп, ага 50 адам кирди, мен жооптуу катчысы элем. Эки ай бою иштедик, долбоорду даярдап, президент «референдумга алып чыгабыз» деген жарлыкка да кол койгон. Ошол Конституция азыркыга абдан окшош. Бирок мына референдум өткөрөбүз деп жатканда, президент мени кызматтан четтетти, муну күткөн эмесмин. Заматта башка эксперттер тобу негизделип, Конституция түп-тамырынан өзгөрүп, анда президенттик укуктар кеңейип кетти. Дал ошол вариант 2003-жылы кабыл алынган. Буга менин кенедей да тиешем жок. Азыр туш-тараптан «Баш мыйзамдын ар бир өзгөрүүсүнө Нарымбаев катышат» деп жатышпайбы. Эч кандай андай эмес.

«ЭКИ ПАРЛАМЕНТ БИРДЕЙ ИШТЕГЕН КҮНДӨР ӨТТҮ»
– 2005-жылы революция болуп кетип, 25-март күнү Курманбек Бакиев үйгө чалып калды. Ал кишинин сөзү бүгүнкүдөй эсте. «Данияр, мага азыр кыйын болуп жатат, сенден жардам берсең деп суранат элем» деди телефондон. Курманбек Салиевич мага президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп бер деди. 26-мартта парламентке барсам, эски-жаңы Жогорку Кеңеш тең бар экен. Беш мүнөттөй башым катты. Жаңы шайланган Жогорку Кеңешти эч ким жокко чыгара элек деп аларга кирсем, Дооронбек Садырбаев аксакал катары төрагалык кылып жатыптыр. Уруксат сурап кирип, президенттин мени өкүл кылып дайындаган жарлыгын көрсөттүм. Ал микрофондон «мына, бизди Бакиев да тааныды, демек, биз легитимдүүбүз. Келгиле, ишибизди уланта берели» деди. Бир аздан кийин эски парламент таркап кетти.
Курманбек Бакиев башында чынында эле ишин жакшы баштаган. Бирок анын парламент менен болгон мамилеси барган сайын начарлай берди. Ошондо эле Курманбек Бакиев менен иштешүү кыйын болорун сездим, өзүнө да «туура эмес кылып жатасыз» деп айткам. Кийин мени ал кызматтан кетиришти, 2006-2010-жылдар аралыгында мамлекеттик кызматта болгон эмесмин. Дагы бир учур, 2007-жылы кабыл алынган Конституцияга тырмактай тиешем жок.

«КҮН-ТҮН ДЕБЕЙ БАШ МЫЙЗАМДЫ ИШТЕП ЧЫКТЫК»
– 2010-жылы экинчи революция болду, Убактылуу өкмөт куралды. Конституциялык реформа башталып, ал кеңешмеге мени да чакырышты. Катчылыктын жетекчиси кылып шайлашып, күн-түндү билбей иштедик. Кээде таңкы алтыда үйгө барып, үч-төрт саат уктап алып, түшкө маал кайра жумушка келчүмүн. Баш мыйзам азырынча ар бирине байкаларлык жылыш алып келбегени менен, келечекте анын жакшылыгын ар бир жаран сезе алат деп терең ишенем.
Ишмердүүлүгүмдү көпкө баяндадым, анткени жумуш-жумуш деп жүргөн адаммын. Кесиптик жагынан алганда, тагдырыма ыраазымын. Атасы жок чоңойдум, үй-бүлөнүн улуусу болсом, мени ким колдомок эле? Турмуш мени эркелетип ийген эмес, кыйынчылыкты көп эле көрдүм. Азыркы деңгээлге өзүмдүн күчүм жана эмгегим менен гана жеттим.

«КИТЕПТИН РАХАТЫ ӨЗГӨЧӨ»
– Азыр китеп менен компьютердин атаандаштыгы жүрүп жатпайбы. Бирок китепти колуңа кармап, каалаган жеринен токтоп, андагы окуяларга ой калчап, анан барактарын улам ачып окуйсуң. Бул компьютер эмес. Анын рахаты өзгөчө. Азыр мен испаниялык жазуучу, акын Лопе де Веганын чыгармаларын окуп жатам.
Бошой калсам, лыжа тебүүнү, аптасына бир жолу бильярд ойноону жактырам.

Эльвира Караева
Адилет Бектуров
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Данияр Нарынбаев: "Турмуш мени эркелетип жибербеди"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Chyngyz_0489
2013-01-04 12:06:43
ой ой озун аябай актаганго бул кыйын экен 3 президент менен тен иштешип жатып даагы озун актап жатст эгер атамбаев кетсе башка биро келсе деле ошол созду айтат 100% ишенем!!!!!!
0
Emine
2013-01-05 15:26:23
Данияр мырза "Турмуш мени эркелетип жибербеди" - депсиз. Антпей эле озунуз 3 президенттке тен эркелеп кетипсизго ыыя??? Ушул чондорго тан калам, кылган иштерине жасаган кылмыштарына менин бир да карандай куноом жок дей эле беришкени жакпайт да. Эмнеге ушинте бересинер силер тиги ак уйдун башына отуруп алып мыйзам закондорду чыгарсанар анан карапйым эл куноолуубу силердин ишинерге??? Ой тообо соз жок!!! Атынызды сонун коюптур Данияр Ильич деп!!! :)
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан