Казак туугандардын улуттук «Казакстан» телеканалы жаңы жылдык «Көгүлтүр от» берүүсүнө бүткүл түрк тилдүү өлкөлөрдүн атагы чыккан ырчыларынын башын кошту. Атай кетсек, Түркиядан Мустафа Сандал, Өзбекстандан «Ялла» тобу жана башка бир катар талант ээлери катышты. Мындай мүмкүнчүлүк кыргыз шоу-бизнесинин көрүнүктүү өкүлдөрү болгон Омар менен Арсенге буюруп, алар Алматы шаарына барып, аталган телеберүүнүн коногу болуп кайтышты. Арсен репертуарындагы «Тагдырың сага жазганда» ырын аткарса, Омар «Бирге болом» аттуу чыгармасы менен казак күйөрмандарын сүйүнтүптүр.