«Тушалган махабат», «Көлөкөм», «Карындаш» аттуу бир катар ырлары менен таанылган ырчы жигит Айдин Шер сахнадан көрүнбөй кеткен эле. Көрсө, ал орусиялык белгилүү продюсер Яна Рудковскаянын академиясына кастинг аркылуу өтүп, жарым жылдан бери Москвада актёрлук искусство жана эстрадалык вокалдан билим алып, музыкалык жөндөмүн кеңейтип жүргөн экен. Мекенине кайтып келип, жаңы дем менен чыгармачылыкка киришкен Айдин жакында «Жаным, ай» аттуу ыр жаздырып, эми ага клип тартууну пландап жатат.