Кыргыз эстрадасында салмактуу орду бар Бек Борбиев жыл жаңырар алдында күйөрмандарын сүйүнткөнү турат. Дегенибиз, 1-2-январда Спорт Ордосунда жеке концертин бермекчи. Айрым концерттерден өзгөчөлүгү – сахнага чыккан ырчылар менен кошулуп көрүүчүлөр да ырдаганга мүмкүнчүлүк алат экен. Тагыраак айтканда, жандуу караоке-концерт болмокчу. Аброю күч ырчынын жеке майрамына кыргыз шоу-бизнесинен 4 ырчы кыз жана 4 ырчы мырза катышары маалым. Айта кетсек, Берадор мырзанын «Бек XXI кылым» аталыштагы шоу-концертинде сюрприз катары казакстандык ырчылар да ырдап кетишет