«2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу» наамынын ээси, «тамашоучу» Самат Эркинбек уулу көптөн бери «унаа алсам» деп кыялданып жүргөнүн угуп калдык эле. Мына эми тилеги орундалып, жакында гана өзүнө жарашкан, тыкан Ниссан Марч үлгүсүндөгү алгачкы унаасын сатып алды. «Былтыркы жылы Аяз атага унаа сурап кат жазсам, тилегимди орундатпай койду. Быйыл ага көп ишенбей, Жаңы жылдын алдында өзүмө белек кылып машина сатып алдым. Унаам кичинекей болгону менен, «душасы» «нормальный», командадагы бардык жигитти батырып жүрөт»,- дейт Самат. Андан сырткары Аман Өмүркулов деген режиссёр тарткан комедиялуу бир тасмага тартылып бүтүп, эми Эрнест Абдыжапаров сунуштаган экинчи тасмага тартылуу алдында турганын сүйүнчүлөдү. Эми «тамашоучу» жигитти актёр катары да таанып калат окшойбуз.