АКЫР ЗАМАНДЫ ДҮЙНӨ КАНТИП БЕЛГИЛЕДИ?

21-декабрда майя календары боюнча «болот имиш» деген акыр заман болгон жок. Жер калыптагыдай эле өз огунда айланып, жашоо уланды. Мына ушул күндү дүйнөнүн ар эли түрдүүчө белгиледи.

АРГЕНТИНАДА ТАЛАП-ТОНОО БОЛДУ
Аргентинанын Барилоче шаарында 21-декабрь күнү мародёрлук болуп өттү. Тагыраак айтканда, жүзүн бекитип, бет кап кийип, күңүрт көз айнек тагынып чыккандар шаардагы 3 супермаркетти тоноп кетишти. Мародёрлукту токтотууга аракет кылган полициянын күчү жетпей баратканда федералдык күчтөр жардамга келди.

МАЙЯЛАР БЕШИНЧИ КҮН ДООРУНУН АЯКТАШЫН МАЙРАМДАШТЫ
Гватемаладагы байыркы майялардын эң ири шаары Тикалда 21-декабрда майя календары боюнча Бешинчи күндүн доорунун аяктап, жаңы доордун келишин майрамдашты. Майя элинин урпактары бул күнү жрецтердин коштоосунда ырым-жырымдарды жасашты. Отко дандарды ыргытышып, колго жасалган аракты төгүшүп, дубаларды окушту. Бул күнү туристтердин саны 200 миңге чамалады. Майя жрецтери «2012-жылдын 12-декабры акыр заман эмес, жаңы доордун башталышы» деп айтып чыгышкан.
Айта кетсек, Юкатан жарым аралында (анын ичинде Белиз, Гватемала) жана Гондураста учурда 6,1 миллион майя жашайт. Булардын 40 пайызы Гватемаланын тургундары.

МОСКВАДА 3 МИҢДЕЙ АДАМ БУНКЕРДЕ БОЛДУ
Москва шаарында жана Москва облусунда акыр заманга карата даяр бункерлердин саны 1,5 миллионго жетти. Москванын аймагындагы бункерде 21-декабрь күнү 3 миңден ашуун адам жашынып отурду. Бункерге билеттер 30 миң рублден тартып 1,5 миллион рублге чейин чыккан. Орусиянын кээ бир шаарларында «айлыкты алдын ала бергиле» деп талап койгон кызматкерлер, «кыямат кайымга чейин жетишип калалы» деп 21-декабрда баш кошкондор да болду. Бул башка өлкөлөрдө да катталды. Ал тургай кыямат кайымдын болушунан корккон Москва облусунда жашаган пенсионер аял 21-декабрда терезеден секирип, өз өмүрүн кыйган.

МЕКСИКАДА ЭЛДИК МАЙРАМ БОЛУП ӨТТҮ
Мексиканын борбору – Мехикодон 50 чакырым аралыкта жайгашкан байыркы шаар Теотиуаканда да эл абдан көп чогулду. Жрецтер пирамидалардын жанында ырым-жырымдарды жасаган соң эл ырдап, бийлешти.
Акыр замандын артынан Мексиканын маданиятына кызыгып, жыл башынан баштап 21-декабрга чейин билеттерди сатып алган туристтердин саны 52 миллионду түздү (былтыр 40 миллионду түзгөн). Мунун ичинде 21-декабрга карата билет алгандар абдан көп болгон. Акыр замандын шылтоосу менен Мексиканын туристтик бизнеси гүлдөп-өстү.

БЮГАРАШКА БАШКА ПЛАНЕТАНЫН КЕМЕСИ КОНГОН ЖОК
Франциянын Бюгараш кыштагына 21-декабрга чейин эле көптөгөн туристтер барып жаткан. Анткени интернет булактарынан таралган маалымат боюнча, Бюгарашка акыр заман күнү башка планетанын кемеси конуп, ал жерге чогулгандарды алып кетмек. Бирок 21-декабрда бул нерсе болгон жок.
Жергиликтүү гезиттин журналисти Эстель Девицтин айтканына караганда, маалыматты 200дөй адам жашаган Бюгарашты 35 жылдан бери башкарып келген Жан Пьер Делор чыгарган. Анын ою дүйнө элин алдап, Бюгарашка чакырып, акча иштеп калууда болгон экен.

КЫТАЙДА СЕКТАНЫН МҮЧӨЛӨРҮН КАМАШТЫ
Кытай бийлиги ММКларга акыр заман болбостугун айтып, тынчтандырууга көрсөтмө беришкен. 20-декабрда полиция кыямат болорун жар салышкан диний сектанын 500дөн ашык мүчөсүн камакка алды.
Кошумчаласак, кытайлык фермер Лю Кюан 21-декабрга карата атайын 6 металл шар даярдаткан. Ал үчүн 10 жумушчуну жалдап, шарларды курууга 288000 доллар короткон.

БРИТАНДЫКТАР СТОУНХЕНДЖГЕ БАРЫШТЫ
Өздөрүн друиддердин урпактары санаган Улуу Британиянын жана Европанын айрым жашоочулары 21-декабрда Күн храмы – Стоунхенджге барышты. Анда баш-аягы 20 миңдей адам чогулду. Храм убагында календарь ордуна колдонуп, эл жыл мезгилдеринин алмашуусун байкаган.
Айта кетсек, байыркы кельт элдеринин жрецтери «друиддер» деп аталган. Алар жылдын эң кыска күнү 21-декабрда Күн Жер энени уруктандырат, бул Стоунхендждин таш устундарынын ортосунда болуп өтөт деп ишенишкен.

ИТАЛИЯДА «АКЫР ЗАМАН» АТТУУ ПИЦЦАЛАР САТЫЛДЫ
Италиянын бир пиццериясында менюну өзгөртүшкөн. Менюда жаңы «акыр заман пиццасы» жана «сурак күндүн шарабы» дегендер пайда болду.

ЯПОНИЯДА ЖЕР ТИТИРӨӨ БОЛДУ
Бул күнү Япониянын чыгышында күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Очогу Иватэ префектурасы болду жана жер алдындагы титирөөлөр өлкөнүн ондогон префектурасында сезилди.

КЫРГЫЗСТАНДА
Бизде да кокус акыр заман болуп кетсе деп шам, термос жана көбүрөөк азык-түлүк камдап алгандар болду. Ал тургай Баткендин Кызыл-Дөң аймагында Мурзабек деген замандашыбыз жер төлө камдап, азык-түлүк даярдап койгондугун уктук.
Бирок күн өзгөчө кырдаалдарысыз, тынч өттү. Эл күнүмдүк тиричиликтери менен алек болду. Мисалы, Бишкекте үйдө өстүрүлүүчү гүлдөрдүн көргөзмөсү өтүп, Ала-Арча суусун өз нугунан чыгарган музду тазалоо иштери күнү-түнү уланды.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
21-декабрды дүйнө эли кандай белгилешти?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Alibek_KG94
2012-12-31 10:39:34
Абдан кызыктуу маалыматтар бар экен. Рахмат силерге Супер-Инфо!
0
Chyngyz_0489
2012-12-31 12:34:01
баардыгын АЛЛАХ ТААЛА кана билетта акыр заман болот бирок кайсыл убакта экени эч кимге маалым эмес бир кана АЛЛАХА маалым
+1
jashku4
2013-01-01 02:56:47
Баардыгы бир гана жараткандын колунда бирок кызыл-дондо мурзабек деген киши жашабайт адашасынар
0
tuigan.
2013-01-01 13:42:57
керек болсо 21 декабр эн сонун аба ырайы менен коштолду
0
askat2501
2013-01-01 19:53:36
Менда ишена баштаган болчум бирок
0
veneraaalieva
2013-01-03 13:55:17
Менин жолдошум да ишенип 18-декабрь куну тамак-аш сатып келиптир таптакыр сатып алчуу эмес эле
0
nargul
2013-01-05 23:45:48
МАШАЛЛАХ не деген адамдар...
0
jansezim26
2013-01-06 03:40:13
nargul Аллахтын урматы учун колдонулган жакшылык иштерде,же Алла ыраазы боло турган бардык иштерди коргондо машаллах деп суйунобуз.сен мындай адамдарга астахфируллох дешин керек.
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан