КОШ БОЙЛУУ КЕСИПТЕШИБИЗГЕ КОЛДОО КӨРСӨТӨБҮЗ

ЖАШ БАЛАЛУУ, КОШ БОЙЛУУ КЕЛИН КАЙДА КАЧМАК?
Кесиптешибиз Бахияна Сатылганова ийгиликсиз тамаша кылып Н.Айтбекованы катуу чочутуп алганы үчүн айыпталып, 21-декабрдан бери тергөө абагында. Биздин гезиттин жетекчилиги Бахияна Сатылганова менен Максат Орозумбетовду кызматтан бошотуу боюнча үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында чыгарылган буйругун жокко чыгарды. Бул кадам кош бойлуу жана 2 жашар баланын энесин камакка алган соттун гумандуу эмес чечимине каршылык, нааразычылык билдирүү максатында жасалды.
Гезиттин мындай чечимине телеалпаруучу Н.Айтбекованын ушул убакыт аралыгында ММКларга жана шоу дүйнө чөйрөсүнө тараткан маалыматтарынан улам «анын максаты – адилеттүүлүктү орнотуу эмес, өч алуу жана материалдык пайда алуу» деген күмөн саноо да түрткү болду. Кабарчыларыбыз сот иши аягына чыккыча «Супер-Инфонун» кызматкерлеринин катарында болушат.
Ооба, кабарчылардын бул жоругун туура эмес деп тапканыбыз үчүн учурунда кызматтык иликтөө жүргүзүп, кызматтан бошотконбуз. Бирок кош бойлуу, жаш балалуу келиндин үй камагына эмес, тергөө абагына алынгандыгынан улам соттун бул чечимине нааразычылык көрсөтүү максатында ушул чечимге келдик.

КООМЧУЛУКТУН АЙЫПТООСУНАН ӨТКӨН ЖАМАН НЕРСЕ ЖОК
Кош бойлуу аялдын камакта отурушу коомчулукта кызуу талкуу жаратып, көптөр интернет баракчаларына пикирлерин жазышууда. Алардын бири КРнын Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин кесиптик союзу уюмунун төрайымы, журналист Мэри Бекешова мындай дейт: «Башында журналисттер коомчулугу «Супер-Инфонун» кабарчыларынын жасаган ишин катуу сынга алып, мындай орой тамашага жол берилбеши керектигин айтып чыгышкан. Албетте, журналисттердин «Тамаша тору» тамашанын чегинен чыгып, аша чаап кеткен. «Тамаша торго» илинген Назира Айтбекова моралдык жактан оор абалда калганын бардыгы түшүнүү менен кабыл алып, сөз менен болсо да ар тараптан колдоого алышкан. Ал эми уюштуруучулар болсо күнөөсүн мойнуна алып, «бизден кетти, кечиргиле» позициясын карманып, башын ийип беришкен.
Журналисттердин мындай иш-аракетин коомчулук колунан келишинче тепкиге алып, жетиштүү эле сынга алды, мындан ары дагы сынга алат. Бул окуя журналисттик коомчулукка жакшы эле сабак болду. Аны уккан, билген журналист мындай тамашага бармак турсун, четин укканда кача турган болуп калды. Уюштуруучулар дагы айыбын тийиштүү деңгээлде тартты. Себеби жалпы коомчулуктун сындоосунан, суук сөзүнөн, айыптоосунан өткөн жаман нерсе барбы?.
Башында сындап жаткан коомчулук эми, тескерисинче, кесиптешибизди аяп, «темир торго камаганыңар туура эмес» деген пикирлерин айтып, редакция болсо өз кызматкерлерин коргоп, кайрадан жумушка алып жатат. Менимче, бизде ар нерсени тең салмактоо, акыйкаттык менен чечим чыгаруу маданияты жоголуп, бөрк ал десе баш алган заман орногон. Мындай көрүнүштөн арылууга ар ким өзүнүн салымын кошуусу зарыл.

ПАМИР АСАНОВ КЫЗМАТКЕРЛЕРИБИЗГЕ КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮДӨ
Кыргызстанда төңкөрүш же бийлик алмашуу болгон сайын «эми адилеттүүлүк орнойт» деп үмүт этебиз, күтөбүз. Бирок дале баш ал десе бөрк алгандардын, бай-манаптык дымагы барлардын саркындыларынан арыла элек экенбиз. Тергөө учурунда Бишкек шаардык ИИББинин башчысынын орун басары Памир Асанов КҮБӨ КАТАРЫ көрсөтмө берүүгө чакырылган биздин кызматкерлерди «сотсуз-тергөөсүз» эле «коркунучтуу кылмышкерге» айлантып, «күнөөлүүсүңөр, моюнуңарга алгыла!» деп демитип-кекеткенин койбоду. Басым-кысым көрсөтүү менен биздин кызматкерлердин кылбаган «айыбын» моюнга алдырууга аракет кылып, тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоодо. Биз анын үстүнөн Ички иштер министрине, Башкы прокурорго жана башка тиешелүү органдарга арыз жазууну чечтик.

«Супер-Инфонун» эмгек жамааты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (83)
aku
2013-01-05 15:47:45
Isken molodes ayalynyn ukugun korgop,bir interviuda "tubuno jetem"-dedi ele chyn ele jetti okshoit.kaisy ele erkek ushintip ayalynyn ukugun korgop dokansa sotton sotko churkap salgylashsyn.
-1
jumaia
2013-01-05 17:43:48
Боюнда бар экенин билип туруп озу эмнеге мындай розыгрышка барды, мумкун ошол кезде Назиранын боюнда бар болсо эмне болот эле.Боюнда барбы жокпу билип жасаган ишин мойну менен тартсын.
0
jumaia
2013-01-05 17:48:22
Назира мен сага эже катары кенеш берет элем эфирде азыраак кулуп, жанында эркек алып баруучулар болсо жабышпай скромный болсон жакшы болот эле.Жаны жылдагы концертте тим эле Санжарга жабышып атканын телекоруп жаткандарга жаман эле корунот экен. Сенин жолдошун бар экенин унутуп койдун окшойт.Искен молодец ушуларды коруп туруп унчукпаган.Ишин тушунуунун да чеги болот.
-1
gwen
2013-01-05 22:46:00
Ar kim oz ookatynardy klylgyla elder. Syilogongo ele kyiynsynar otyryp alyp.
Ubakyt bardygyn orduna koiot.
-1
Barchun
2013-01-06 02:56:29
Акыр аял кишиго кандай тушунбойт
0
Barchun
2013-01-06 02:58:48
Алахым ыман берсин эми
0
Barchun
2013-01-06 03:11:46
а что мне ещё нельзя коментировать
0
FREELove
2013-01-06 04:19:07
Озунордун ишинерге таза, тыкан, жоопкерчиликтуу болсонор мындай окуяга туш болбойсунар!Баарынарга сабырдуулук!!! Уй булонор тынч болсун!
+1
orchun
2013-01-07 05:11:10
назира озу сен ото еле обужок кызсын сени телеге ким алып чыгып атат билбейим.кыргызда башка жакшынакай ыймандуу кыздар жокпу емне.
+1
admin_media
2013-01-07 11:08:32
orchun,
Сизге эскертүү!
Кимдир бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө, этикага туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
0
Elaman4ik
2013-01-07 21:50:00
Негизи Назира Айтбекованын кылган нерсеси туура эмес деген ойдомун эми сабырдуу болуп эле кечирип койбойт беле анчалыка барбай. Куйоосуда айтканынан кайтпаган адам экен.
0
zulya
2013-01-08 18:52:33
алты саны аман болгондон кийин боюнда бар баласы бар аялды кечирип койсо деле болмок . Назира сен ото эле трагедия кылып алдын, Аллах биздин канчалаган куноолорубузду кечирип жатат анан сен ошол боюнда бар аялды кечирбегендей сен ким эле .
0
remma
2013-01-10 23:49:36
Негизи супер инфо дагы розыгрышты ойлонуш керек баардык жагынан коп эле туура эмес болуп калат анча мынча кары кишилер же болбосо журогу начар кишилер да бар да ойлонуш керек эле анан азыр озу киши олтуруп зордуктагандар аябай коп ошондуктан башкача болсо болмок Сот болсо боюнда бар адамды эч кандай киши олтурсо деле закон деген бар да болбойт го камабайт го штраф толонуш керек а зачем камап мына кызык андан коро кочодогу киши олтургондорду камабайбы бул жерде накта акча иштеп жатат сот э
+1
jamalenok
2013-01-22 06:55:25
озу эмне болду такыр эле тушубойтам канча окудум, мне назираны эмне кылып чочутуптур?
0
marsirena
2013-02-25 21:06:54
Баарын мыйзам чечиш крек, абак5та торолгон балдар азбы
-1
allan
2013-08-02 22:43:04
Ушул Назира алжандап-жалжандап Москвага эмнеге барып,озулору аран жургон кыргыздардын жаман жагын айтат?Негизи эле аябай начар адам экен!
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан