Жанры – Мелодрама
Режиссёру – Иван Соловёв
Продюсери – Александр Крылов
Сценарийин жазган – Александр Детков
Башкы ролдордо – Егор Бероев, Ольга Будина, Леонид Куравлёв, Нина Гребешкова, Александр Семчев
Оператору – Александр Носовский
Композитору – Илья Духовный
Узактыгы – 1 саат 44 мүнөт
Өлкөсү – Орусия
Чыккан жылы – 2002-жыл
СҮЙҮҮ ТУУРАЛУУ ЖОМОК
Алексей карапайым жигит. Олигархтын айдоочусу болуп жүргөндө бизнесмендин кызын фортепианого үйрөтүп жүргөн Вера аттуу кыялындагы кызга жолугат. Ал кыздын көңүлүн алуу үчүн театрга чакырып, бизнесмендин кымбат баалуу машинасын сурап алат. Жолдогу тыгындан жолугушууга кечигип баратып, каршылаш машина менен кагылышып, Мерседес жарактан чыгат. Айласыздан кымбат унаанын карызынан кутулуу үчүн олигархка квартирасын берип, өзү селсаякка айланат.
Баш калкалаар үйү жок калган Алексей темир жол бекетиндеги бош вагондордо жашап жүрөт. Бир күнү көзүн ачса эле вагону жүрүп баратыптыр. Көрсө, Алексей Москвадан Красноярскийге оңдоого бараткан прицеп-вагонго жатып уктап калган экен. Көзүн ачып, абалды түшүнгөн каарман мындан ары вагондун бор менен жазылган номерин улам башкага өзгөртүп, 6 жыл дөңгөлөк үстүндө Орусияны кезип өмүр кечет. Ал ачка калбоонун айласын таап, каарман жүргүнчүлөрдү вагонуна киргизип, алардан алган акчага күн көрчү.
Тагдырдын буйругу менен бир нече жылдан соң сүйгөнү Верага кезигет. А бирок кыз аны тааныбайт. Москвага Жаңы жылга кетип жаткан Вера тескери багытка түшүп, Алексейдин вагонуна отуруп калган эле. Алексей досу экөө түндө поезд токтоп турганда акырын Москвага бараткан башка поездге өздөрүнүн вагонун коштуруп, Вераны Москвага жеткиришет. Бирок «6 жыл бою вагонду жеке кызыкчылыгы үчүн колдонду» деп Алексейди милиция кызматкерлери кармап кетет. Бул кабарды уккан Вера бизнесменден жардам сурап, ал прокурорго айтып, кыскасы, тасма жомоктордогудай бактылуу аяктайт.
ТАСМАНЫН ЧЫНДЫККА КООШПОЙ КАЛГАН ЖАКТАРЫ БАР
КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
Ольга Будина 1975-жылы 22-февралда Москва облусунун Одинцово шаарында төрөлгөн. Жашынан аккордеон, фортепианодо ойноп, мектеп хору менен оркестринде солист болчу.
Щукин атындагы жогорку театралдык училищени бүтүргөн. 2000-жылы Александра Маттанын «Чек ара. Түнт токойдогу роман» аттуу тасмага тартылып, ал фильм Москванын эл аралык кинофестивалынын 22-ачылышында көрсөтүлгөн. 2004-жылы Александр Наумов аттуу ишкерге турмушка чыгып, 2006-жылы ажырашкан. Учурда 8 жашар Наум аттуу уулун жалгыз тарбиялоодо.
Егор Бероев 1977-жылы 9-октябрда Москва шаарында актёрлордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Щепкин атындагы театралдык училищени аяктап, кинокарьерасы телесериалдардан башталган.
Айкидо менен машыгат, ат мингенди жактырат. 2001-жылы актриса Ксения Алфёровага үйлөнүп, экөө кыздуу болушкан.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg