КАРДАРЫ СОЙКУНУ МУУНТУП ӨЛТҮРГӨН

Жакында эле Бишкек шаардык милиция кызматкерлери оор кылмыштын бетин ачышты. Бул окуяда бир түнгө сатып алган сойкуну кардарлары муунтуп өлтүрүшкөн экен.

ӨЛҮКТҮН БЕТИН ИТТЕР ТЫТЫП КЕТКЕН
Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында саат 15:30дар чамасында милицияга Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи району тарапта 20-25 жаштардагы белгисиз кыздын киши колдуу болуп өлгөн денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Сөөк табылган жерге барган милиция кызматкерлери Артёмов жана Литовская көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдун жанынан өткөн жылуулук трубаларынын астында денесинде сабалгандан калган тактары бар азиат улутундагы белгисиз кыздын өлүгүн көрүшкөн.
Бул кылмыш тоноо үчүн жасалбаганы көрүнүп турган. Себеби кыздын колунда шакектери бар болуп, жанында ага тиешелүү буюмдар жаткан. Жаш кыздын катуу сабалгандыгы жана мойнунда муунткандан калган тактар болгондуктан, эмнеден улам өлгөндүгүн аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындан сырткары маркумдун бетин таанылгыс кылып иттер тытып жеп кетишкен экен. Жакын жердеги үйлөрдө жашаган тургундар, автоунаа токтотуучу жайдын кароолчусу да суралып, бул кылмыш боюнча күбөлөр табылган эмес.
Көп өтпөй маркумдун өздүгү аныкталып, ал 1992-жылы Ош шаарында туулган Гуля аттуу кыз экендиги билинген. Гулянын Кыял аттуу курбусу да табылып, ал оперлерге курбусу экөө Бишкек шаарынын Ибраимов жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишинде сойкулук менен алектенип келишкендигин билдирген. Анын айтымында, Гуля кезектеги чакырууга кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Көп өтпөй Бишкек шаардык ИИББинин оперкызматкерлери бул кылмышка шектүүлөрдү аныкташып, колго түшүрүшкөн.

ЗОРДУКТАП, АНАН МУУНТУП...
Кылмыш иликтөөчүлөрдүн жана кылмышка шектелип кармалгандардын айтуусу боюнча окуя төмөнкүчө болгон. Кылмышка шектелип кармалган Медер жана Калыбек Кочкор районунан Бишкек шаарына келгендерине 2 ай болгон. Кырсык болгон күнү экөө чогуу отуруп сойкуларга барууну чечишет. Анан көчөдө денесин саткандардын сутенёру менен сүйлөшүп, Гуля аттуу кызды бир түнгө сатып алып, батирге алып келишет. Бир убакта жигиттер менен кыздын ортосунда чыр чыгат. Анан Гуля сутенёруна телефон чалып, алар түнкү экилер чамасында кызды алып кетмек болушат. Медер кызды узатып чыгып, жолдо дагы уруша кетишет. Ошол убакта Медер аны тынчтантмакка аракет кылып муунтуп баштайт. Кыз каршылык көрсөтүп, кыйкырып жаткандыктан, бирөө-жарым жетип келишинен корккон Медер катуулап муунтат. Кыз каршылык көрсөтпөй, дымы чыкпай калганда гана анын уюлдук телефонун алып, кылмыш болгон жерден изин суутуп кеткен.

Бишкек шаардык ИИББинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмышка шектелип Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары, 1984-жылы туулган Медер Иманкулов жана 1989-жылы туулган Калыбек Токтогазиев кармалып, кылмыштарын мойнуна алышты. Алардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Алар учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кардары сойкуну муунтуп өлтүргөн
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Arman
2012-12-31 13:32:32
жаман жолдо журсо ушундай жаман олумго дуушар болуп олугун ит жейт ойлонуп иш кылгыла сойкулар.Кудайдан корксонор силерге ден соолукту сойку болсун деп бергенби?
+3
kilim
2012-12-31 21:57:43
сатып алдым деп озу билгендей колдону тура емес
0
Taisiya
2013-01-01 18:05:03
Адам бойдон эле калалычы....
0
Tarkan
2013-01-01 23:11:55
малдарда кебетесин!
+1
vidmag81
2013-01-02 14:53:33
Сойкулукту токтотуу эч кимдин колунан келбейт.эми бирок айла жок ушулар менен бир коомдо жашайбыз.булардын да оз жашоосу бар.бирок оз кумарын кандырып анан мынтип кылмыш жасоо эмне деген шумдук.биз бардыгыбыз адамбызго айбан эмес.Саяк журсон,таяк жейсин деген макал так ушундай адамдар учун айтылган.эми ар ким кылмышына жараша жазасын алат.кудайым ар бирибизге ыйман,ынсап берсин.
0
asyl85
2013-01-03 13:28:14
эч кимдин сойкуларды сойкусун деп олтургонго акысы жок бир аллах берет жазасын
0
altinim
2013-01-04 10:36:23
бул деле озун патриотмун деп тошун курулай каккандардын бириго эми кучун сойкудан чыгарганын Эркек!
0
Beko_1
2013-01-04 13:19:41
Soykular emi oylongula biyaktin azabinan arki duynonun azabi kuchtuu. Al jakta it da jebeyt alardin denesin.
+1
Aidaika92
2013-01-07 03:33:35
Beko_1,мда соз жок
0
prezent
2013-01-05 15:10:51
эми ишин бутургон сон,акырыык таксиге салып коюшса болмок.кантседа бир сойку Кр да азайыптырда.Спид вич ушул сойкулардан жугат.
0
k-2
2013-01-05 23:14:52
Тообо кылалы!
0
Aidaika92
2013-01-07 03:32:10
вот твари
0
kyrgystan17
2013-01-07 11:31:37
soikuda dagy kunoo bar any tapkan ata enesin syilabai ak sutuno kyiyanat kylgan uchyn allahym uwundai jazasyn berip koidu bul duinodo,degele soikularga ubal jok baary kyrylyp kalsa jakshy bolmok koom tazalanyp kalmak biraz.
0
Sometimes
2013-01-12 11:16:06
Адамды эч убакта сен жамансын д болбойт, себеби аныда кудай жараткан. Мен сойкуга барган балдардыда, сойкулук кылган кыздаргада айтар элем. Ал адатынарды токтотсонор я гарантия берем жашоо малина болот.
0
Shekerbek
2013-01-16 09:41:20
олугун ит жеп кетиптир деп ушуну айтат! Аллах скор в наказании! Тообо кылгыла эй ыйман келтиргендер!
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан