Өткөн саныбызда «Кызыл өрүк» ырынын автору Мирлан Алыкулов бизге кайрылып, ырчы Мирлан Баековду сотко бергенин айткан эле. Бул иштин чоо-жайын билүү үчүн «Кызыл өрүк» ырын популярдуу кылган Мирлан Баековдун да бул тууралуу оюн угуп көрдүк.
– Салам, Мирлан, сенин аткарууңдагы «Кызыл өрүк» ырынын автору Мирлан Алыкулов сени сотко бергенин айтты эле...
– Мен Мирлан Алыкуловду 8 жылдан бери жакшы билем. Кафеде иштеп жүргөндө таанышып калганбыз. Анын бул жоругун өзүнө пиар кылып жаткандай түшүндүм. Өзүн пиарлоонун башка жолдору деле бар да, сөзсүз бирөөнүн атын булгап жарнама жасаш керекпи? Аны илгертен билгендиктен, мындай жосунсуз ишине таң калган деле жокмун. Айылда жүргөндө көк Жигулисинин капталына «концерт», афишаларына, майда баракчаларга «Кызыл өрүктүн» автору» деп жазып алып айылды кыдырып концерт берчү. Ушундан эле байкаса болот, анын пиарды жакшы көрөрүн.
Ал мени сотко бердим деп жатат, бирок ал бере албайт, берсе анда көрө жатарбыз. «Кызыл өрүктүн» куплеттерин өзгөртүп алды» дептир. Оригиналында мындай болчу: «Кызыл өрүк сыңарындай, Рыспайдын ырларындай. Жүрөгүмдү ээлеп алдың, Өрүк комуз кылдарындай...» Эми ойлоп көрсөңөр, кызыл өрүктүн Рыспайдын ырларына кандай тиешеси бар? Ушундай чаржайыт саптары көп болгондуктан, кайырмасын эле калтырып, куплеттерин өзгөрткөм. Анан ырын мага көрсөткөндө обону азыркы «Кызыл өрүктүкүнөн» башкачараак болчу, алгач мага өзү ырдап бергенде «бул жерин мындай кылып ырдасаң» деп үйрөткөм. Кийин ошондой ырдап баштаган. Өзүм шаңдуу той ырларына жакынмын, стилге болгон табитим башка экен, ыңгайына жараша ырдап чыктым да.
– Анда «Кызыл өрүктү» чогуу жаратыпсыңар да?
– Обону меники деп да, аныкы деп да айталбайм.
– «Кызыл өрүк» ырын патенттеп алгандан кийин сенин аткарууңдагы бул ырды радиолордон алдырдым деп жатат...
– Азыр радиолордон кетип эле жатат. Эми эле патенттеп алып кыйын болуп жатат, а мен бул ырга тиешелүү документтерди ага чейин эле чогултуп койгом. Бул ыр Мирлан Алыкуловдун эмес, менин аткаруумда популярдуу болду, ошону эске алса жакшы болмок. Казакчасын ырдаган Акылбек Жеменей деле менин аткаруумдагы «Кызыл өрүктү» угуп жактырып, анан казакча ырдап чыккан. Мирлан Алыкулов менин минусовкам менен «Кызыл өрүктү» ырдап, жадакалса клип тарттырып алыптыр. Мен деле сотко берсем болот да анда. Талантың болсо эч ким токтото албайт, «Кызыл өрүктөн» башка деле популярдуу ырларым көп. Бул ыр багымды ачпаса, башка ырдан ачылмак.
– Казак ырчысы Акылбек Жеменейден «өзүм жооп берем» деп 500 доллар алганың чынбы?
– Жок, 500 доллар алган эмесмин. Чыгармачылыкта, талантта чек болбойт эмеспи, казактар биздин ырларды, биз алардын ырларын ырдап эле жүрөбүз, анын эмнеси бар экен? Мирлан бул жоругу менен казак-кыргыз достугуна доо кетирип, уят кылып жатат. Кыргыздарды уят кылып Акылбек Жеменейден акча талап кылбасын деген максатта эле «мен андан 500 доллар алдым» деген шылтоо айтып койгон болчумун. Эми минтип жалпы журтка жар салып, мени «500 доллар алды» деп жаманатты кылып жатканы кейитпей койбойт. Эркекче эле жүрсө болмок.
Лунара Бекиева
star@super.kg