Бул аптаны сот аптасы десек болот. Кайсы бир депутаттардын иши сотко өтүп жатса, экинчисинин иши сотко жетпей эле жабылды. Албетте, чоңдордун бири-бирин коркутуп-үркүтүүлөрү да болбой койгон жок.
ТИРЕШ КҮЧӨДҮ
26-декабрда парламенттин жыйынында учурда СИЗОдо жаткан ЖКнын депутаты Садыр Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү каралды. Мындай сунуштаманы алып келген башкы прокурор Аида Салянованын катышуусу менен атайын депутаттык комиссиянын маалыматы угулду.
Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн башчысы Каныбек Турдумамбетов: «Садыр Жапаров Киев көчөсүндөгү №74-имараттын арестке алынганын билчү. Бирок ал башка бирөөгө сатууга аракет кылган. Бул мекеменин акыркы кожоюну «Ата Журт» фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин тууганы, 1991-жылкы Жаныбек уулу Шумкарбек болгон»,- деди.
Садыр Жапаров боюнча ишти тергөө үчүн 3 ай мурун атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссиянын төрагасы Нурбек Мурашевдин айтымында, Садыр Жапаров Киев көчөсүндөгү имаратты Эльдар Мадылбековдон сатып алганда аталган мекеме мамлекеттин менчигинде болгон эмес.
Садыр Жапаровдун иши боюнча депутаттар айыпталуучуну жыйынга алып келүү сунушун киргизишти. Ага башкы прокурор Аида Салянова «абакта отурган депутатты парламенттик жыйынга катыштырууга укук берилбейт жана сот да буга макулдук бере албайт» деди.
КИМ ТИЗГИНИН ТАРТА АЛБАЙ ЖАТАТ?
Аида айымдын мындай жообунан кийин депутат Бөдөш Мамырова башкы прокурор өтө эле мерез болуп жатканын айтты. «Аида Жеңишбековна, соттун ордуна да жооп берип жатасыз, эки бийликти кайсы мыйзамдын негизинде колуңузга алгансыз? Сиз жакында президенттин атынан да жооп берет окшойсуз. Тизгиниңизди тартыңыз!»- деп сындады Мамырова.
Көпчүлүк депутаттар комиссиянын корутундусун уккан соң башкы прокурорго «Жапаровду жөн эле камап жатабызбы? Эгерде анын айыбы жок болсо, анда бул бирөөнүн буйругубу?» дешип, атүгүл «Аида айым, сиздин кол алдыңызда иштеген айрым адамдар «жетекчибиз кызматтан кетсе, тагдырыбыз эмне болот?» деп коркуп жатышат. Этият болуп иштеңиз» деп тымызын коркутууга чейин барышты.
Ал эми башкы прокурор: «Жапаровдун ишинде эч кандай саясий боёк жок. Ал Кылмыш кодексинин 3 беренеси боюнча айыпталып жатат. Эгерде депутаттар Жапаровду жоопко тартуу боюнча макулдугун беришсе, эртең эле анын айыбын угузууга даярбыз. Мен эч кимден коркпойм. Мен бир гана Кудайдан коркомун»,- деди.
Ошентип, парламенттик жыйындын аягында Садыр Жапаровду жоопко тартуу боюнча жабык шайлоо өтүп, 68 депутат макул эместигин билдирди.
«Имарат ишинен башка да Садыр Жапаров 3-октябрда Ак үйдү басып алууга аракет кылгандыгы тууралуу тергөө иши бүткөнчө ал
СИЗОдо кармалат»,- деди башкы прокурор Аида Салянова.
«АТА ЖУРТЧУЛАРДЫН» ИШИ СОТКО ӨТТҮ
Ал эми 3-октябрда «Ала-Тоо» борбордук аянтында митинг өткөзүшкөн Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев «Ак үйдү басып алуу аракетин жасады» деп айыпталып, алардын иши сотко өткөндүгү тууралуу 26-декабрда Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча материалдар Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн. «Ата Журт» фракциясынын лидери менен бирге анын жардамчылары С.Кадырбаевге, Б.Исаевге, К.Камчыбековго жана коомдук ишмер К.Кожоналиевге да кылмыш иши козголгон.