АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ – «ЖЫЛДЫН АДАМЫ»

Кыргызстандагы эң көп нускалуу «Супер-Инфо» гезити өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди «Жылдын адамы» деп тапты.
Үстүбүздөгү жыл Кыргызстан үчүн маанилүү жылдардын бири болду. Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө чоң тоскоолдук жаратып келген, эгемендүүлүктү алгандан бери тамырын терең жайган коррупция менен күрөшүү бул жылы жаңы баскычка көтөрүлдү. Бийлик коррупцияга каршы күрөштө сөздөн, убадалардан ишке өттү. Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн Коррупцияга каршы жарандык кыймыл дагы жер-жерлерде тиешелүү мамлекеттик органдар бере албай келген натыйжаларды көрсөтүүдө.
Эл аралык мамилелерди чыңдоо, башка өлкөлөр алдында өз кызыкчылыгыбызды айта билүү жана өлкө таламын талашуу маселеси быйыл өлкө президенти тарабынан активдүү жүргүзүлүп, ажо дүйнөлүк аренада Кыргызстанга болгон сыйды кайтара алды. Мына ушул алгылыктуу иштердин баарынын башында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев турду. Андыктан Алмазбек Атамбаев «Жылдын адамы» деп табылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан