ГИМНДИН ТЕКСТИ ӨЗГӨРТҮЛӨТ...

  • 26-декабрда Токтогул ГЭСинде авария катталып, республика боюнча электр энергиясын ар эки саатта алмаштырып туруу аркылуу кезек-кезеги менен өчүрүүлөр башталат. 
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2012-жылы 11 айдын ичинде өлкөдө 3255 өрт кырсыгы катталган. Анда 72 адам каза таап, анын 11и ЖАШ ЖЕТКИНЧЕКТЕР болгон.
  • «2012-жылдын 1-декабрынан 21-декабрга чейин өлкө ичинде тоңуп калган 24 АДАМДЫН СӨӨГҮ катталган. Булардын бешөөсүнүн өздүгү дагы деле тактала элек»,- деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.
  • «22-декабрда депутаттык комиссия КРнын Гимниндеги «бейкуттук» жана «досторуна даяр дилин берүү» деген сөздөрүн алмаштыруу демилгесин Жогорку Кеңешке сунуштоодо»,- деди ЖКнын депутаты АБДЫРАХМАН МАМАТАЛИЕВ.
  • 25-декабрда Ички иштер министри Шамиль Атаханов Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер болгон «Республиканын» өкүлү НАРГИЗА АЖЫБАЕВА милицияга өзү келип, күнөөсүн мойнуна алганын айтты.
  • 2013-жылдын ЯНВАРЬ айынын ичинде кырсыктарды эскертүүчү жарандык коргонуунун сигналдары иштеп баштайт. Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарын С-40 электросиреналарынын добушу чыкканда дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок экенин алдын ала эскертет.
  • Президенттин жарлыгына ылайык, 2012-жылы 436 КИШИ КРнын жарандыгын алып, 611 КИШИ жарандыктан чыгарылды.
  • 2-3-4-январь ЭС АЛУУ күндөрү деп жарыяланып, алардын орду 29-декабрь, 12, 19-январга жылдырылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
shok_Jigit
2013-01-01 00:58:47
Гиминди озгорткондон коро озунду озгортсон,Биздин коом жакшы болотко,Бекерчиден бекер соз ойго келгенди оттой бербей
0
prezent
2013-01-05 14:57:49
shok_Jigit, Озгорууну озунордон баштагыла!Гимн эмне сайгылап атабы озгорт деп!Бирок бир созу алмашса макул.Мадумаровдун демилгесин ким козгосо да рахмат.Бейкуттук деген созду Адахан мырза алып чыккан.Мадумаров
0
aote
2013-01-01 18:30:33
Эч кандай авария боло элек!Саяна Щусенск ГЭСиндегидей авар,электриктер токтотуп калыптыр ИМИШ!АБСУРД бул!онуккон Россия аварияны токтото алышпаган,биздикилер токтотуп калыппы,Ха ха!Энергетика кризисин жашуруу максатында чыгарылган соз!
0
Taisiya
2013-01-01 19:13:25
Медиктерге да эс алуу берсенер жакшы болмок...
0
Rostov-on-Don
2013-01-04 21:53:38
Медиктер 1 жылда 1же 2 жолу отпуска алып чыксанар болот ко.
0
zara__
2013-01-05 15:26:05
озуну озгорт андан коро ,,,,,,,,,,,
0
okumushtuu
2013-01-06 00:57:44
гимнди озгортуш керек себеби биздин гимн кыргыздардын гимни да а кыргыздарда бат бат озгоруу болуп туруш керек болбосо тез онугуп кетебиз а биз деген кеч онугобуз да достор тушунсонор
0
windows.kg
2013-01-07 04:18:55
Конституция калып эми ушугм отконунор боорду эздиго. :-)) окуп жатып озумда уялып кетим. Биздин чондор ээй Озбекстан менен КРдин таможный системасын озгортуш керек болбосо бул согушкада алып баруусу мумкун. Ушундай демлге которуп береийнчи мен силерге.
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан