Ысык-Көл облусундагы электр энергиясын үнөмдөө максатында көңүл ачуучу жайларга (түнкү клуб, сауна) электр энергиясын берүү токтотулду. Бул туурасында “ЧыгышЭлектр” ААКсынын кызматкерлери билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуп жаткан
Нарын-4 ГЭСи бүтмөйүнчө көңүл ачуучу жайлар электр менен жылытылбай турган болду. Бирок электр жарыгы үзгүлтүккө учурабайт. Азыркы учурда көңүл ачуу жайларында 17-декабрдан баштап токтотулган, эми дагы канча убакытка өчүрүлөрү такталууда.