КАРАКОЛ ЛЫЖА БАЗАСЫ АРЗАН БААДА

Жакында эле Каракол шаарынын тургундары жылгаяк тебүүчү базадагы асма жолдун наркын жергиликтүү калк үчүн 50 пайызга арзандатуу маселесин көтөрүп чыгышкан. Ага ылайык, өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов облустун күч түзүмдөрү, мэрия, Каракол лыжа базасынын өкүлдөрү жана жаштар катышкан кеңешме өткөрүп, жаштардын койгон талабы боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетовдун айтымында, көлдүк спорт сүйүүчүлөр Каракол лыжа базасындагы асма жолду арзан пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышты. Тагыраак айтканда, Көлдүн кышкы спортту сүйүүчүлөрүнө аптанын шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү лыжа базасындагы асма жолду пайдаланууну арзандатып беришти. Буга чейин асма жолду пайдалануу баасы күнүнө 950 сом болсо, эми жергиликтүү калк аны 600 сомдон пайдаланышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан