Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык социалдык коргоо башкармалыгы жана тартип сакчылары тарабынан 19-20-декабрь күндөрү көчөдө жашоочу адамдардын санын аныктоо үчүн рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында 24 адам көчөдө жашаары аныкталды. Аларды түнкү сууктан сактоо үчүн "Тазалык" ишканасынын бир бөлмөсү жылытылып, атайын төшөнчүлөр коюлду. Буга чейин үй-жайсыз адамдар көчөдө, ачык люктарда күн өткөрүп келишсе, мындан ары аталган жайда түнөй алышат.